Марат Казакпаевдин өлүмү: Акыйкатчынын эки орун басары иштен убактылуу четтетилди

Акыйкатчынын орун басарлары Альберт Колопов жана Гүлнара Жамгырчиева саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмүнө байланыштуу кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу «Азаттык» басылмасына акыйкатчы Атыр Абдрахматова айтып берди.

Абдрахматованын айтымында, Казакпаевдин жубайы ТИЗОдо кармалып турган жолдошунун укуктары бузулганы тууралуу акыйкатчы институтуна өткөн жылы эле арызданган. Бирок, анын айтымында, Акыйкатчы институту эч кандай реакция кылган эмес.

«Ошонун негизинде, кызматтык иликтөө аяктаганча эки орун басар убактылуу кызматтан четтетилди. Ошол кезде экөө тең Казакпаевдин ишин алып барышкан», — деди Абдрахматова.

Марат Казакпаевдин өлүмү

Саясат талдоочу Марат Казакпаев 10-июнда каза болгон. Андан бир күн мурда ал инсульт алып, мээсине кан куюулуп кеткен. Дароо УКМКнын ТИЗОсунан Шаардык клиникалык №1 ооруканага жеткирилип ИВЛ аппаратына кошулган. Казакбаев убактылуу кармоочу жайда бир жылдан ашык жаткан — ал 2021-жылдын 13-апрелинде мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип кармалган.

Казакпаев каза болгондон кийин УКМКдан ал «ТИЗОдо отурганда дарыгерлердин кароосунда болуп, алар сунуштаган дары-дармектерди ичип турганын жана абалы канааттандырарлык деп бааланып келгенин» белгилешкен.

Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев Казакбаевдин өлүмүнө бийликтин эч кандай тиешеси жок деп билдирген. Ал саясат талдоочунун жакындарынын маркум УКМКнын ТИЗОсунда кыйноого алынганы тууралуу билдирүүлөрүн «жалган» деп атаган. Ташиев УКМКнын ТИЗОсунда кыйноо «эч качан болгон эмес, болбойт дагы» деп белгилеген.

16-июнда Акыйкатчы Атыр Абрахматова саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмүнө байланыштуу ведомстволор аралык комиссия түзгөнү белгилүү болгон.

Басма сөз кызматынан комиссия Казакпаевди камакта кармоо шарттарын, негиздерин жана УКМКнын ТИЗОсунда медициналык жардам алууга мүмкүнчүлүгү болгон же болбогонун иликтей турганын билдиришкен.

Кийинчерээк президенттин администрациясы Садыр Жапаров саясат таануучунун өлүмүн иликтөө боюнча комиссия түзүүнү тапшырганын кабарлаган.

Өлкө башчысынын администрациясынын маалыматына ылайык, жумушчу комиссия кармалгандардын УКМКнын тергөө абагында каза табышын бейтараптуу жана объективдүү изилдөө үчүн түзүлгөн.

Тема боюнча окуңуз: Банкир Асанбаевдин өлүмү. Абдрахматова Байсаловду эрте бүтүм чыгарбоого чакырды

Атамбаев: Казакпаевдин окуясы бийликке жакпаган адамдардан кутулуунун ыкмасына айланышы мүмкүн