Садыр Жапаров депутаттарга кайрылып, интриганын ордуна өнүгүүгө багыт алууга чакырды

Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 30-июндагы отурумуна катышты. Анда ал айрым саясатчыларды киреше булактарына «негизсиз» сын айтпоого чакырды.

Өлкө башчысы Кыргызстан демократиялык мамлекет экенин белгилеп, «ар бир жаран эркин ой жүгүртүүгө, ой-пикирин ачык айтууга укуктуу» деп билдирди.

Бирок ошол эле учурда Жапаров «кээ бир депутаттар демократия принциптерине жамынып алып, саясий упай топтоого аракет кылып жатат» деп эсептейт.

«Дүйнө агымы өтө тездик менен өнүгүп жаткан маалда биз саясий талаш-тартышдардын, интриганын ордуна ошол дүйнөлүк өнүгүүдөн артта калбай чогуу өнүгүүгө багыт алышыбыз керек экенин эсибизден чыгарбайлы», — деп кайрылуу жасады ал.

Жапаровдун сөзү казинолорду ачууга каршы чыккан депутаттарга арналган болушу ыктымал. Буга чейин президент «Кабар» улуттук маалымат агенттигине маек куруп, анда «Бүтүн Кыргызстандын» лидери Адахан Мадумаров тууралуу кеп кылган.

Анда ал «Мадумаров казиного каршы чыгып жаткан электоратты жеке өзүнүн саясий кызыкчылыктарына тартуу максатында иштеп жатат» деп билдирген. Ошондой эле ал саясатчы «өзүнөн башканы президент көрбөгөн оорусу менен ооруп жүрөт» деп айткан.

Парламенттин 22-июндагы жыйынында кумар оюндарына уруксат берген мыйзам долбоору беш ирет добушка коюлуп, депутаттар колдогон. Долбоор каралып жатканда «Бүтүн Кыргызстан» ага добуш берүүдөн баш тарткан.

Кийинчерээк Мадумаров казиного уруксат берүүгө караманча каршы экенин белгилеп, мыйзам долбоорун кабыл алууда регламент бузулганын айткан.

Жапаров сөз эркиндигин кубаттайт, бирок аша чапкандарды тарбиялоого эрки жетет

9-июнда президент Садыр Жапаров «Би-Би-Си» басылмасына маек курган. Анда ал «сөз эркиндигине эркиндик беришибиз керек» деп белгилеп, ага сын айткандарды «жаман көрбөсүн» билдирген.

Ошол эле учурда президент «сын айткандар чектен ашып бара жатса, катуу тарбиялап койгонго эрким жетет» деп айткан.

«Үй-бүлөдө деле он балаң болсо бир экөө начар чыгат. Анан аларды кодулап, бөлүп таштай албайсың да. Баарын бирдей жакшы көрөсүң. Мага сын айтып аткандарды, тилдеп аткандарды жаман көрбөйм. Сотко бербейм. Кечирим суратпайм. Сабырдуулук кылып тим коюп жатам», — деген ал.

Президент Садыр Жапаров бийликке келгенден бери ага карата сын айткандарды кайра сындап келет. Бийликти сындаган айрым активисттерге жана журналисттерге кылмыш иштери козголуп, айрым саясатчылар камакка алынган.

Ошондой эле Жапаровдун бийлигинин тушунда көз карандысыз журналисттерге басым күч алды. Активисттердин, журналисттердин, оппозициячыл саясатчылардын аброюна шек келтирген, жеке жашоосунун купуялуулугун бузган сүрөт-видео материалдар соцтармактарга тараган.

Мындан сырткары өлкө башчынын тарапташтары ага сын айткан адамдарды соцтармактардан ар дайым кодулап, куугунтуктап келишет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жапаров: Мага сын айткандар чектен ашып баратса катуу тарбиялап койгонго эрким жетет

Садыр Жапаров: Мадумаров өзүнөн башканы президент көрбөгөн оорусу менен ооруп жүрөт

«Балалап кетишине жол бербейли!» Бийлик каршы ой айткандарды кантип талатууда?