Сот Темировдун милиционерлерге кылмыш ишин козгоо боюнча арызын канааттандырган жок

Бишкек шаардык соту 7-июлда милиция кызматкерлерине кылмыш ишин козгоо тууралуу иликтөөчү журналист Болот Темировдун арызын канааттандыруудан баш тартты. Бул тууралуу Фейсбукта Темиров өзү билдирди.

Темиров 2022-жылдын январында кеңсеси тинтүүгө алынгандан кийин прокуратурага арыз менен кайрылып, аны кармоо жана наркологиялык диспансерде күбөлөндүрүүдөн өтүү учурунда тартылган тасманы жайылтышкан милиция кызматкерлерин жоопкерчиликке тартууну талап кылганын айтып берди.

Журналисттин айтымында, алгач Бишкек шаардык прокуратурасы кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Андан соң Бишкектин Биринчи май райондук соту прокуратуранын чечимин мыйзамдуу деп тапкан. Эми биринчи инстанциянын чечимин шаардык сот да күчүндө калтырды.

«Биз тергөө амалдары учурунда ким видео тартканын билебиз. Ал эртеси күнү эле фейк аккаунттар аркылуу соцтүйүндөргө таркап кеткен», — деди Темиров.

Temirov Live’га карата тукуруу

20-январда Temirov Live мамлекеттик ишкана аркылуу мазут сатып 30 млн сомдон ашык пайда тапкан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары тууралуу иликтөө жарыялаган.

Бир нече күндөн кийин, 22-январда милиция Temirov Live’дын негиздөөчүсү Болот Темировду жана анын кесиптеши, төкмө акын Болот Назаровду кармаган. Алар кармалган учурда чөнтөгүнөн баңгизат табылганы тууралуу кабар тараган.

Темиров баштыкты ага «салып коюшканын» айткан. Анын заара жана канынан алынган анализ баңгизат жок деген жыйынтык көрсөткөн. Эртеси күнү иликтөөчү жарналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров эч кайда кетпөө тил каты менен үй камагына чыгарылган.

Ал арада интернетте Temirov Live’дын журналисттерине тукурган жана аларды кодулаган видеолор пайда болгон. Видеолордун биринде Болот Темировду кылмышкер, мамлекеттик чыккынчы деп аташкан. Айрым видеолордо конфискацияланган компьютерлердеги долбоорлордун отчётторун, келишимдерди жана башка документтерди пайдаланышкан. Темировду чет элдик агент катары көрсөтүүгө аракет кылышкан.

Тема боюнча окуңуз: Аңдуулар жана шантаж. Журналист Болот Темировго карата чабуул кандайча уюшулган?

Темировго козголгон кылмыш иштери

Учурда Болот Темировго карата жалпы төрт кылмыш иши козголгон: паспорт жана аскердик билетти мыйзамсыз алуу, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана баңги заттарын даярдоо.

Кылмыш иштердин бардыгы Temirov Live’дын журналисттери УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары мамлекеттик тендерлерге катышып жаткандыгы тууралуу иликтөөлөрүн жарыялагандан кийин козголгон.

Ташиев өзү бир нече жолу иликтөөчүлөрдүн бүтүмүн жокко чыгарып келген. Ал «Новые лица» басылмасына курган маегинде журналист Болот Темировдун иликтөөсүндөгү атайын кызматтын төрагасынын үй-бүлөсүнүн коррупциялык иштери тууралуу маалыматтарды «ойдон токулган» деп атап, үй-бүлөсүндө бир да адам эч качан «коррупциялык схемаларга» аралашпаганын билдирген.

Темиров бул кылмыш иштерди журналисттердин тобу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн «иштерин» ачыкка чыгарганы үчүн куугунтук катары баалаган. Адвокаттар журналистке карата козголгон кылмыш иштерин «толугу менен абсурд» деп аташкан.

Буга чейин адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки Фонду (HFHR) жана Жарандык укук коргоочулар (CRD) бийликтен иликтөөчү журналист Болот Темировго карата тагылган айыптарды алууга чакырышкан.

Уюмдагылар Темировго карата кылмыш иштер «саясий мүнөзгө ээ» жана «жогорку бийлик бутактарындагы коррупция тууралуу иликтөөлөр үчүн анык эле өч алуу» деп билдиришкен.

Дагы окуңуз: Temirov Live’дын журналисти кимдир бирөө үйүнүн жанына белгисиз зат таштап кеткенин кабарлады

Аңдуулар жана шантаж. Журналист Болот Темировго карата чабуул кандайча уюшулган?

Сот Болот Темировдун негизсиз далилдерди жокко чыгаруу өтүнүчүн канааттандырган жок

Кыргызстанда ЖМКга карата басым күчөп жатат