«Жалпы элдик күрөш». Садыр Жапаров ККМ орнотуу иштерин күчөтүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго ККМ орнотуу иштерин күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу ал минкабдын 14-июлдагы жыйынында айтты.

«ККМ боюнча иш аракеттерди токтотпоңуз. Элге кайрадан дагы түшүндүрүп бериңиз. Бул ишти аягына чыгарыңыз. Ишкерлерге оорчулукту жарата турган болсо жеңилдете турган жактарын карап бериңиз», — деди президент.

Өлкө башчысы ККМдин жардамында өлкөдөгү коррупция менен «аёосуз күрөшүш керек экенин» айтты. Ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бул жаатта эл менен тыгыз иштешүүнү буюрду.

«ККМ аппараты бир гана салык үчүн эмес. Бул түн ичинде өтүп жаткан товарлар менен жалпы элдик күрөш. Товарлардын сапатына жараша элдик көзөмөл. Бул — баарыбыздын ден соолугубуз, сертификат албай, салыктан качкан, өз пайдасы үчүн жанталашып жүргөн “кара ниет” ишкерлерди финансылык тартипке жалпы элдик чакыруу», — деди ал.

Буга чейин өлкөнүн бир топ аймактарында жеке ишкелер көзөмөл-кассалык машинаны орнотууга каршылыгын билдирип нааразычылык акцияларын уюштурушкан. Алар ККМ колдонуу талабы жоюлуп, патент менен иш алып барууну улантууну талап кылышкан.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы декабрда «Чакан ишкердик субъекттерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Жарлык жылдык жүгүртүмү 8 млн сомго чейин болгон ишкерлик субъекттерди салыктан бошоткон. Бирок алар онлайн ККМ колдонууга милдеттендирилген.

Салык кызматынан ККМ — бул салык процедураларын санариптештирүү боюнча долбоорлордун бири экенин билдиришкен.

Жаңы Салык кодекси 2022-жылдын 1-январынан тарта иштей баштаган. Бийлик бул бизнести көмүскөдөн алып чыгуу жана көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет деп эсептейт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргыз ишкерлери ККМ тууралуу эмнени билүүгө тийиш?

«ККМ орнотууга каршыбыз». «Дордой» базарынын соодагерлери кайрадан митингге чыгышты

«Көпчүлүгүндө ККМ жок экен». Арзыбек Кожошев соода борборлорунда рейд өткөрдү