№26 колониянын жетекчи орун басары мас абалда кайгуул кызматынын эки унаасын коюп кетти

Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында мас абалдагы айдоочу кайгуул кызматынын эки унаасын коюп кетти. Кырсыктын кесепетинин үч кайгуул кызматкери жабыркады. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын копсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 17-июль күнү эртең менен саат 7:00 чамасында болгон. Социалдык тармактарда кырсыктын видеосу жарыяланды.

Видеодон катуу ылдамдыкта келе жаткан кара түстөгү унаа алгач каршы тилкеге өтүп, кийин жол жээгинде катары менен токтоп турган кайгуул кызматынын унаасына барып урунганын көрүүгө болот.

Ошол эле күнү кайгуул кызматы кырсык тууралуу толук маалымат берип, жол эрежесин бузган айдоочу Молдовановкадагы № 26 колониянын жетекчисинин орун басары экенин билдирди. Айдоочу чындап эле мас абалда болгону кабарланды.

Жол кырсыктары

Кыргызстанда жыл сайын жол-транспорт кырсыктары көбөйүүдө. Ички иштер министри Улан Ниязбеков Кыргызстанда 2017-жылдан 2021-жылга чейин жол-транспорт кырсыктарынан 4006 киши каза тапканын билдирген. Анын айтымында, төрт жылдын ичинде 32 миң жол-транспорт кырсыгы катталып, жалпы 49 639 адам түрдүү жаракаттарды алган.

2021-жылы өлкөдө 7 437 транспорт кырсыгы катталган, бул 2020-жылдагыга салыштырмалуу 22,9%га көп. Анда жол-транспорт кырсыктарынан 800дөн ашык адам каза тапкан.

CABAR.asia аналитикалык порталынын журналисттери акыркы 10 жылда аварияларда 10 миңден ашык киши каза тапканын эсептеп чыгышкан.

«Жол кырсыктарынын 95%ы адамдык фактор себеп, башкача айтканда, айдоочулар эреже бузушат же жол кыймылынын эрежелерин билишпейт. Андан тышкары, алардын көпчүлүгү жолдо жүрүү маданиятын сакташпайт», — деген ЖКККББнын жетекчиси Азамат Исраилов.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын февралында ИИМге жол-транспорт кырсыктарынын санын 50%га азайтуу тапшырмасын берген.

Дагы окуңуз:

ИИМ: Төрт жылда жол-транспорт кырсыгынан 4 миңден ашык адам көз жумду