Сокулук: Көчөдө аялын сабаган кишинин окуясын милиция териштире баштады

Сокулук айылында көчөдө аялын ур-токмокко алып жаткан кишинин видеосу тарады. Окуяны Тик-Ток колдонуучусу жарыялады.

@erik_officiall ♬ оригинальный звук - Yarik

Күбөлөрдүн айтымында, киши аялын буга чейин да сабап жүргөн.

«Сабалган аял көзү менен аралашпа деген белги берип караганын көрдүм. Тез-тез видеого тартып, кайра бат эле өчүрүүгө туура келди, себеби киши таш ыргыта баштаган», — деди автор.

Андан кийин окуянын күбөсү үйүнө чуркап кирип, таяк көтөрүп чыкканын айтат. Бирок ал учурда шектүү «аялын үйүнө сүйрөп» кеткен. Айтымында, эшикти каккылаганы менен үй ээлери ачпай коюшкан.

Ал арада Чүй ОИИБден «Клоопко» окуя болгон жерге милиция жөнөп кеткенин билдиришти.

«Укук коргоо органдарынын кызматкерлери бул маселени териштирип баштады. Милицияга арыз түшө элек», — деп белгилешти милициянын басма сөз кызматынан.

Үй-бүлөлүк зомбулук жана фемицид

Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп саналат. Аталган индексте Кыргызстан аялдардын абалы бааланган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген.

Ошондой эле, Amnesty International 2021-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук «кең мүнөздүү» болгонун белгилеген. Уюмдун баяндамасында жабыркагандар кол салгандардан экономикалык жактан көз каранды болгондуктан жана кепке калуудан корккондуктан милицияга көп деле кайрылбаганы айтылган.

2022-жылдын февралында кыргыз ИИМи өткөн жылы 10 миңден ашык үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталганын билдирген.

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга коргоо ордери берилет. Ал үч күндүк убакытка берилет, бирок аны 30 күнгө узартып алса болот.

Үй-бүлөлүк зомбулук жасаганы үчүн убактылуу коргоо ордерин алган адам анда көрсөтүлгөн бардык шарттарды сактоого милдеттүү.

Убактылуу коргоо ордеринин шарттары аткарылбаса кылмыш жообуна тартылат жана анын колдонулушун токтотпойт.

Бирок, чындыгында, бул ордерлер дайыма эле ойдогудай иштей бербейт. Милиция аны адвокаттардын коштомо катысыз бербейт, ал эми ордердин өзүн үч күндөн кийин узартуу керек. Мындан тышкары, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын баары эле коргоо ордеринен кабардар эмес.

Үй-бүлөдөгү кол салуучуну реалдуу мөөнөткө соттотуу абдан кыйын — кылмыш иштеринин көбү административдик жоопкерчилик катары каралып калат, ал жерде күнөөкөр адам айып пул төлөп же административдик иштерге тартылып жазадан кутулуп кете алат. Ошол эле кезде жазага тартылбасын билип, үй-бүлөдө зомбулугун уланта берет.

Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

Сиз же сиздин жакындарыңыз зордук-зомбулукка кабылган учурда төмөнкү кризистик борборлорго кайрылсаңыз болот.

Кризисттик борборлордун даректери:

  • «Шанс» кризистик борбору: Бишкек, Чүй проспектиси 207, 509-кабинет - 0709 710 320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү 3 - 0312512640
  • «Энсан — Диамонд» коомдук уюму — Ош, Ленин көчөсү 205/105 - 0772328960
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош обл. Гүлчө айылы - 0555281423
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 205 - 0776380777
  • «Ак жүрөк» кризистик борбору: Ош, Ленин көчөсү 205 - 0 550 231 329, 0 322 245 976
  • «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 312/23 0773843461
  • «Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү 31/3 0700257890
  • «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү 274/2 0557484713
  • «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү 3 0777393077
  • «Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад, Б. Осмонов көчөсү 113 0372255084
  • «Аялзат — аялдардын демилгесин колдоо» коомдук уюму: Каракол, Абдрахманов көчөсү 105-14 - 0392 251 091, 0553 835 717;
  • «Алтынай» кризистик борбору — Чолпон-Ата шаары - 0709 694 550
  • «Мээрман» кризистик борбору — Каракол шаары - 0706 383 637
  • «Химая» аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору: Каракол - 0702 223 535 — түз байланыш номери - 0551 733 390.

Тема боюнча окуңуз: «Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

«Сен эч нерсеге татыбайсың!». Зомбулукка кабылган кыргызстандык үч майып аялдын окуясы