Ош облусунда күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылып жүргөн аялдын иши боюнча экспертиза дайындалды

Ош облусунда күйөөсү аялын такай сабап жүргөн. Бул тууралуу Фейсбукта жабырлануучунун жактоочусу Мухайё Абдураупова жазды.

«Ал ага аялым жок деп алдап үйлөнүптүр. Бир нече жолу мамилени токтотууга аракет кылыптыр, бирок ур-токмокко алып, аңдып, чогу жашаганга мажбур кылыптыр», — деп жазды Абдуарупова.

Абдураупова жабыркаган аял күйөөсүнүн үстүнөн арыз жазып, экспертиза дайындоо тууралуу токтомду алганын кабарлады. Адвокаттын айтымында, шектүү адам милиция бөлүмүнө ата-энесин ээрчитип келген.

«Азыр бул ишти жаап-жашырыш үчүн Бишкектен бери кайсыл бир “генералдар” чалып жатат. Ал эми аялын эки жылдан бери сабап жүргөн “эркек эмес неме” “баарын сатып алам” деп жатат. Эми ушундай иштерге аралашкан генералдарда намыс деген барбы? Балким үй-бүлөлүк зомбулук аялын сабагандар баарын сатып алабыз деп эч сестенбей жаткандыктан эмеспи?» — деп жазды ал.

Жактоочу учурда жабыркаган аял ата-энесиникинде экенин билдирди.

Милиция эмне дейт?

Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан Абдураупова жазып чыккан окуяны «Клоопко» тастыкташты. Ал жактан окуя 21-июль күнү саат 20:00дө болгонун айтышты.

«Араван районунун Сарай айылынын 28 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал 28 жаштагы жолдошу сабаганын, күйөөсү менен жарандык никеде жашап жүргөнүн билдирген. Анын айтымында, күйөөсү сабап, дубалга такап муунтуп, табарсык тушка тепкен», — деп ИИБге айтып берген жабырлануучу.

Башкармалыктан иштин материалдары каралып жатканын, факт Кара-Суу райондук милициясынын Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталганын белгилешти. Тергөө уланып жатат.

Үй бүлөлүк зомбулук жана фемицид

Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп саналат. Аталган индексте Кыргызстан аялдардын абалы бааланган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген.

Ошондой эле, Amnesty International 2021-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук «кең мүнөздүү» болгонун белгилеген. Уюмдун баяндамасында жабыркагандар кол салгандардан экономикалык жактан көз каранды болгондуктан жана кепке калуудан корккондуктан милицияга көп деле кайрылбаганы айтылган.

2022-жылдын февралында кыргыз ИИМи өткөн жылы 10 миңден ашык үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталганын билдирген.

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга коргоо ордери берилет. Ал үч күндүк убакытка берилет, бирок аны 30 күнгө узартып алса болот.

Үй-бүлөлүк зомбулук жасаганы үчүн убактылуу коргоо ордерин алган адам анда көрсөтүлгөн бардык шарттарды сактоого милдеттүү.

Убактылуу коргоо ордеринин шарттары аткарылбаса кылмыш жообуна тартылат жана анын колдонулушун токтотпойт.

Бирок, чындыгында, бул ордерлер дайыма эле ойдогудай иштей бербейт. Милиция аны адвокаттардын коштомо катысыз бербейт, ал эми ордердин өзүн үч күндөн кийин узартуу керек. Мындан тышкары, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын баары эле коргоо ордеринен кабардар эмес.

Үй-бүлөдөгү кол салуучуну реалдуу мөөнөткө соттотуу абдан кыйын — кылмыш иштеринин көбү административдик жоопкерчилик катары каралып калат, ал жерде күнөөкөр адам айып пул төлөп же административдик иштерге тартылып жазадан кутулуп кете алат. Ошол эле кезде жазага тартылбасын билип, үй-бүлөдө зомбулугун уланта берет.

Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

Сиз же сиздин жакындарыңыз зордук-зомбулукка кабылган учурда төмөнкү кризистик борборлорго кайрылсаңыз болот.

Кризисттик борборлордун даректери:

  • «Шанс» кризистик борбору: Бишкек, Чүй проспектиси 207, 509-кабинет - 0709 710 320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү 3 - 0312512640
  • «Энсан — Диамонд» коомдук уюму — Ош, Ленин көчөсү 205/105 - 0772328960
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош обл. Гүлчө айылы - 0555281423
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 205 - 0776380777
  • «Ак жүрөк» кризистик борбору: Ош, Ленин көчөсү 205 - 0 550 231 329, 0 322 245 976
  • «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 312/23 0773843461
  • «Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү 31/3 0700257890
  • «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү 274/2 0557484713
  • «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү 3 0777393077
  • «Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад, Б. Осмонов көчөсү 113 0372255084
  • «Аялзат — аялдардын демилгесин колдоо» коомдук уюму: Каракол, Абдрахманов көчөсү 105-14 - 0392 251 091, 0553 835 717;
  • «Алтынай» кризистик борбору — Чолпон-Ата шаары - 0709 694 550
  • «Мээрман» кризистик борбору — Каракол шаары - 0706 383 637
  • «Химая» аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору: Каракол - 0702 223 535 — түз байланыш номери - 0551 733 390.

Тема боюнча окуңуз: «Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

«Сен эч нерсеге татыбайсың!». Зомбулукка кабылган кыргызстандык үч майып аялдын окуясы