Ош: Көчөдө аялга зомбулук көрсөткөн кишиге эскертүү гана берилди

Сүрөт блогер Асылкан Кубанычбекованын видеосунан скриншот жасалды.

Ош шаарында көчөдө мурда жашаган жолдошу тарабынан зомбулук көргөн аялдын окуясы боюнча милиция «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси менен териштирүүнү баштады. Бирок шектүү кармала элек, ага «азырынча эскертүү» берилди.

Эмне болду?

Жергиликтүү активист жана блогер Асылкан Кубанычбекова 26-июлда өзүнүн Инстаграм барагына видео жүктөдү. Анда ал жумуштан чыгып, көчөдө аялдын зомбулукка кабылганына күбө болгонун айтып берген.

Кубанычбекова окуяны видеого тартып алган. Тасмадан бети-башы бинт менен байланган киши аялды чыңырганына карабай колунан сүйрөп жатканын көрүүгө болот. Аял болсо: «Мага жардам бергиле», — деп суранган.

Активист жакын барып, эркек кишиден аялды коё беришин талап кылган. Анда кадр артынан башка бир киши «ал аялы болот, эмнеге [видеого] тартып жатасың» деп суроо салган.

Кийинчерээк активист жабыркаган аял менен кошо барып Ош ШИИБке арыз жазган. Киши аялдын мурдагы күйөөсү экени белгилүү болгон. Аял киши аны буга чейин да ур-токмокко алып, андан эки ай мурда кетип калганын айтып берген.

Кубанычбекова киши милицияга да алардын артынан келип, коркутканын айтты. Мындан сырткары ал киши милицияга дени соо келгенин, ал эми башындагы бинтти «көргөзмө үчүн байлап алганын» белгиледи.

«Бул зөөкүр менен биз ШИИБден жолуктук. Ал “силер кимсиңер, аралашпагыла, өлтүрүп кетем, эртеңиңерди ойлогула” деп бизди коркутууга өттү. [...] Милиция ордер жазып бергенден кийин дагы ал улана берди. Биз ШИИБден чыгып бассак, артыбыздан кайра басып жүрдү, милицияга кайра кирип арыз жаздык», — деди ал.

Активист «зөөкүр өзүнө ишенгендиктен коркуттубу же эч кандай жаза албашын билдиби» деп суроо салды. Мындан сырткары ал коомчулуктун кайдыгерлигине нааразы болуп, зомбулук болгон учурда көңүл буруу керектигин эскертти.

«Мен дагы кайдыгер карап кетип калсам кыздын тагдыры эмне болмок? Ал бүдөмүк. Бизде ушунчалык кайдыгер адамдар көп экенине күбө болдум. Себеби мен ал жерде жалгыз эмес болчум, 5-6 адам жүргөн. Аялдар, эркектер, эч кимиси кой деп койгон жок», — деди ал.

Экспертиза дайындалды

Ош ШИИБден «Клоопко» окуя 25-июлдун кечинде Ош шаарындагы Ленин көчөсүндө болгонун тастыкташты. Аял мурдагы күйөөсү аны сабап, денесине зыян келтиргенин айтып арыз жазган.

Арыз боюнча «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси боюнча иликтөө башталган. Аялга коргоо ордери берилип, соттук-медэкспертиза дайындалган.

Ал эми шектүүгө «мындай жоругу кайталанса катуу жаза көрүлөөрү» айтылып эскертүү гана берилген.

Милициядан экспертизанын жыйынтыгында, берене квалификацияланышы мүмкүн деп ишендиришти.

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга коргоо ордери берилет. Ал үч күндүк убакытка берилет, аны 30 күнгө чейин узартып алса болот.

Зомбулук жасаган адам анда көрсөтүлгөн бардык шарттарды сактоого милдеттүү. Убактылуу коргоо ордеринин шарттары аткарылбаса — ал кылмыш жообуна тартылат.

Бирок, чындыгында, бул ордерлер дайыма эле ойдогудай иштей бербейт. Милиция аны адвокаттардын коштомо катысыз бербейт, ал эми ордердин өзүн үч күндөн кийин узартуу керек. Мындан тышкары, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын баары эле коргоо ордеринен кабардар эмес.

Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен аялдар үчүн эң кооптуу өлкө боюнча калууда.

ИИМдин маалыматына ылайык, өткөн жылы өлкөдө 10 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган — бул 2020-жылга караганда 12%га көп.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

Ош облусунда күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылып жүргөн аялдын иши боюнча экспертиза дайындалды

«Клооптон» тест: Зордук-зомбулукка кабылып-кабылбаганыңызды, кабылсаңыз кайсы түрүнө экенин текшериңиз