Ош: Суу түтүгү аркылуу кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өтүп тургандар кармалды

Сүрөт: Ош ОИИБ

Ош облусунун Араван районунда суу түтүгү аркылуу кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өткөн эки киши кармалды. Бул тууралуу 4-августта Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, биринчи шектүү — райондун Төбө-Коргон айылынын тургуну. Ал мыйзамсыз миграция уюштуруп, эки өлкөнүн айрым жарандарын түтүк аркылуу өткөрүп турган.

Экинчи шектүү «Каракчылыкка» айыпталып издөөдө жүргөн — ал кылмыш иши козголгондо аталган түтүк аркылуу коңшу өлкөгө өтүп, качып кеткени белгилүү болду.

Милициядан жерине барып кароо жүргүзгөндө түтүк Төбө-Коргон айыл өкмөтүнүн Уйгур-Абад участкасында 4-5 метр тереңдикте жер астына көмүлгөнү аныкталганын белгилешти. Түтүктүн бийиктиги 90 см, туурасы 1 метр, узундугу болжол менен 150 метр болгон.

Аны менен катар, «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, чек арадан мыйзамсыз өтүүнү уюштурган шектүү эки айга камакка алынганы айтылды.

Издөөдө жүргөн шектүү болсо Ош ШИИБге өткөрүлүп берилип, эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилгени кошумчаланды.

Ал эми түтүктөн өтүп турган Өзбекстандын жарандарынын өздүгүн аныктоо боюнча коңшу өлкөнүн укук коргоо органдарына эл аралык келишимдердин алкагында тийиштүү документтер жөнөтүлдү.

Иликтөө иштери уланып жатат.

Эки өлкөнү байланыштырган мыйзамсыз өтмөктөр

Май-июнь айларында Ош облусунун Кара-Суу районунда эки өлкөнү байланыштырып турган үч жашыруун тоннель табылган. Акыркысы жер астынан чет элдик валюта мыйзамсыз алып өтүү максатында пайдаланылганы аныкталып, шектүү кармалган.

Ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, тергөө менен кызматташууга барган.

Ал эми 25-июнда Кыргызстанды Өзбекстан менен байланыштырган төртүнчү тоннель Баткен облусунан табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө тоннель азык-түлүк, курал-жарак, ок-дарыларды, накталай акча жана баңгизатты мыйзамсыз ташуу, ошондой эле мыйзамсыз миграция үчүн колдонулуп келгени аныкталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Төртүнчү жашыруун тоннель. Баткенде Өзбекстан менен байланыштырган жер астындагы жол табылды

«Чет элдик валюта алып өтүүнү көздөгөн». Кара-Сууда үчүнчү тоннель табылды

Видео: Кара-Сууда Өзбекстан менен байланыштырган экинчи жашыруун тоннель табылды

УКМК: Оштогу кыргыз-өзбек чек арасында 270 метрлик жер астындагы жашыруун жол табылды