13 жашар кызды зордуктоо иши: Свердлов райсоту акыйкатчыны тергөөгө кийлигишпөөгө чакырды

Бишкектин Свердлов райондук соту Акыйкатчы аппаратын 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча иштин тергөөсүнө кийлишипөөгө чакырды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Соттон зордук көргөн өспүрүм кыздын зордукталышы боюнча сот процессине коом жогору көңүл буруп, тынчсызданып жатканын «туура түшүнүшөрүн» белгилешти.

Ошол эле учурда ал жактан Конституция боюнча судьялар мыйзамдарга гана баш ийип, көз карандысыз экенин эске салышты.

«Сот адилеттүүлүгүн орнотуу ишине кийлигишүүгө тыюу салынат. Сот ишине катышып жаткан адамдардын абийирин түшүрбөө, интимдик мүнөздөгү маалыматтар тарап кетпеши үчүн жыныстык кол тийбестик жана башка ушул сыяктуу мүнөздөгү иштер жабык сот отурумунда каралат», — деп билдиришти соттон.

Свердлов райондук сотунан иш жабык каралып жаткан процесс учурунда залга чоочун адамдар кире албасын, отурумда ага катышкандар гана болушу керектигин белгилешти.

«Башка кишилер бир гана сурак учурунда процесске катыша алышат. Бул ченем тууралуу мурдараак акыйкатчыга (Атыр Абдрахматова, — ред.) аталган жабык соттук териштирүүгө акыйкатчы институтунун өкүлдөрү киргизилсин деген өтүнүчү болгондо айтылган», — деп белгилешти соттон.

Мурдарак Атыр Абдрахматова 24.kg басылмасына 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча соттук отурумга акыйкатчы институтунун кызматкерлери киргизилбей жатканын билдирген болчу.

Анда Абдрахматова комиссия Свердлов райондук сотунун судьясы Азис Эшалиевдин жоопкерчилигин кароону талап кылган.

«Судья акыйкатчынын мандатын карабай туруп процесске киргизилген адамдардын тизмесин бекиткен. Жабыркаган тарап отурумда акыйкатчынын кызматкери болушу керек деген өтүнүч келтирген, бирок судья андан баш тартып койгон. Эл аралык мандатка ылайык, бизде жабык сот процесстерине барганга укугубуз бар, эгер жабыркаган тарап макул болсо», — деген Абдрахматова.

Жашы жете элек кыздын зордукталганы июлда белгилүү болгон. Бул иш боюнча Бишкекте соттук териштирүүлөр башталды.

Кылмышка милициянын эки кызматкери жана «Дордой» базарынын кароолчусу айыпталууда. Ал эми мектеп окуучусун зордуктоого айыпталган официантка карата тергөө жыйынтыкталып, иштин материалдары сотко жөнөтүлдү. Бирок жабыркаган өспүрүм кыздын жакындары милиционерлер жоопкерчиликтен кутулуп кетеби деп тынчсызданышууда.

Кыздын атасынын айтымында, кызына карата зомбулук 2021-жылдын августунан 2022-жылдын февралына чейин созулган.

5-июлда өспүрүм кыздын зордукталганы тууралуу маалыматтар тараган шартта ИИМдин имаратынын алдында кыздар жана аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы митинг өткөн. Акциянын катышуучулары аялдардын укугун коргоону, анын ичинде ИИМдин башчысы Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылышкан.

Ал эми депутат Дастан Бекешев ички иштер министри «ушул сыяктуу жапайычылык окуялардан жыйынтык чыгарбай, ишин кадимкидей эле улантып жатканын» билдирген. Министрликтен болсо депутатка мекеме көрүп жаткан чараларга карабастан өлкөдө аялдарга карата зомбулук фактылары көп экенин айтып жооп беришкен.

Тема боюнча окуңуз:

Бишкек: 13 жашар кызды зордуктоо ишине байланыштуу милиция кызматкери кармалды

«Жумуштан сырткары убакта болгон». Бийлик 13 жашар кыздын окуясына кандай реакция кылган?

Oasis фонду милициянын зомбулугунан жабыркаган 13 жашар кызга басым болуп жатканын айтты