Нурлан Каримов Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына директор болду

Сүрөт: Маданият министрлиги

Нурлан Каримов Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына директор болуп дайындалды. Бул тууралуу маданият министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Каримов 10-августтан баштап ишке киришкен.

Ал аталган кызматта буга чейин да иштеген. Бирок 2021-жылдын январында ырчы Самара Каримова окуу жайга министрдин буйругу менен кирип келгенден кийин, ал кызматынан кеткен.

Буйрукту ошол кездеги маданият министри Нуржигит Кадырбеков чыгарганы белгилүү болгон. Анда «Каримова 15-январдан тартып окуу жайдын директорлук кызматына калыбына келтирилсин» деп жазылган. Ал эми ырчы 14-январда эле жолдошу Асан Мансуров менен чогуу тиешелүү буйруктарды алып окуу жайга келген.

Мындай буйруктун чыгышына Каримованын сотко даттанганы себеп болгон. Ал эки жылда мурда аталган окуу жайдын директорлук кызматынан «мыйзамсыз иштен алынганына» арызданып, сот аны канааттандырган.

Анткен менен окуу жайдын жамааты анын бул кызматка кайрадан келишине кескин каршы чыккан. Алар ырчынын директор болууга билими туура келбесин жана тажрыйбасы жоктугун жүйөө келтиришкен. Мындан сырткары Каримованын сотко кайрылганы мыйзамсыз экени белгилүү болгон.

Бирок Каримова буга карабай кызматында калууга аракеттенген. Ал директордун кабинетинин кулпусун бузуп кирип, кызматкерлердин үстүнөн «ага тоскоолдук жаратышканы үчүн» милицияга да арыз жазган.

Жамааттагы жана коомчулуктагы нааразычылыктардан улам Каримова акыры директорлук кызматтан баш тарткан. Бирок анын ордуна Каримованы «колдоп жүрдү» делген Ильязбек Ташполот уулу жетекчи болгон.

Окуу жайдын кызматкерлери бул чечимге да нааразы боюнча калышкан эле.

ТЕМА БОЮНЧА:

Самара бүтүп, Ильязбек калдыбы? Оштогу музыкалык окуу жайдын жамааты кайрадан нааразы

Ырчы Самара Каримова музыкалык окуу жайдын директорлук кызматынан баш тартты

«Самара столду кучактап отурат». Музыкалык окуу жайдын жамааты митингге чыкты

«Баскынчылык». Оштогу музыкалык окуу жайдын жамааты Каримованын жетекчи болушуна нааразы