Шайырбек Ташиевдин тамына той берген видеосу тарады. Рахманов ал эски видео экенин айтты

Жаңылык 17:30да жаңыланды.

Соцтүйүндө УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиев кичи мекени Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Барпы айылында тамына той берген видеосу тарады.

Анда үйдүн бакчасына катар-катар узун дасторкон жайылып, жүздөгөн киши мейманга келгенин көрүүгө болот.

«Регион» телеканалынын жетекчиси Өткүрбек Рахманов Фейсбук барагына Шайырбек Ташиев тамына тойду 2020-жылы бергенин жазды.

«Анда азыр провакация кылып, эл-журттун оюн уулагысы келип аткандардын достору да, душмандары да башкалар болчу!» — деди ал.

Август айынын башында Барпы айылына Камчыбек Ташиевдин агасы Жаныбек Ташиевдин элесине арналган «Жони» эс алуу багы ачылган. Анда жалпы аянты 1,5 гектарды ээлеген парктын долбоору 2019-жылы даярдалып, курулуп баштаганы белгилүү болгон.

Эс алуу багынын кире беришине Ташиевдин агасынын сүрөтү илинген. Маркумду туугандары менен айылдаштары «Жони» деп атагандыктан, Ташиевдердин үй-бүлөсү парктын аталышын «Жони» деп калтырууну чечкен.

Үстүбүздөгү жылы Камчыбек Ташиев 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад шаарында 1000ге чукул баатыр энени ресторанга чакырып сыйлаган. Ал эми орозо айтта ошол эле ресторанда 1000ден ашык адамга ооз ачар уюштурган.

Тема боюнча:

«Жони» паркы. Сузакта Камчыбек Ташиевдин агасынын элесине арналган эс алуу багы ачылды

Жалал-Абад: Камчыбек Ташиев 8-мартка карата 1000ге чукул баатыр энени ресторанда сыйлады

Жалал-Абад: Камчыбек Ташиев 1000ден ашык адамга президенттин атынан ооз ачар уюштурду