Жаачы Ынтымак Мурадил уулу Ислам шериктештиги оюндарында алтын медалды багындырды

Кыргызстандык спортчу Ынтымак Мурадил уулу Түркияда өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында салттуу жаа атуу боюнча алтын медаль утту.

Бул аталган оюнда Кыргызстандык спортчулар багындырган сегизинчи алтын медаль болду. Жалпысынан өлкөнүн куржунунда 26 медаль бар — анын сегизи алтын, алтысы күмүш, 12си коло.

Ислам шериктештиги оюндарынын расмий ачылышы 9-августта Түркиянын Конья шаарында өткөн.

Оюндун ачылышында Кыргызстандын желегин балбан Атабек Азизов жана жеңил атлетчи Айнуска Калил кызы көтөрүп чыккан.

Чемпионат 18-августка чейин созулат. Ага дүйнөнүн 56 өлкөсүнөн төрт миңге жакын спортчу катышып, спорттун 20 түрү боюнча 483 комплект медаль ойнотулуп жатат. Мелдешке 25 кыргыз спортчусу катышууда.

Дагы окуңуз:

Ислам шериктештиги оюндары: Кыргыз балбандары беш медаль утушту

Ислам шериктештиги оюндары: Тыныбекова менен Акматалиев алтын медаль утушту

Бир кадр менен: Ислам шериктештиги оюндарынын жеңүүчүлөрү келди