ИИМ Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш ишин токтотту — адвокат

Ички иштер министрлиги 16-август күнү кызматынан убактылуу четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш ишин токтотту. Бул тууралуу анын жактоочусу Кайсын Абакиров Фейсбук барагына жазды.

Анын айтымында, кылмыш иши «[Алымкадыр Бейшеналиевдин] аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгонуна» байланыштуу токтотулду.

«COVID-19га каршы вакцинаны сатып алуу боюнча бардык чечимдер, ошол учурда өлкөдө өкүм сүргөн курч эпидемиологиялык кырдаалга ылайык Жогорку Кеңештин макулдугу менен, министрлер кабинетинин токтомуна ылайык кабыл алынгандыктан, тергөө ушундай корутундуга келди. Ички аудиттин материалдарына ылайык, мамлекетке материалдык зыян келтирилген эмес, жана өлкө калкы бүгүнкү күнгө чейин вакцина менен камсыз болгон», — деп жазды адвокат.

Ошондой эле, Абакировдун айтымында, «COVID-19 боюнча шашылыш долбоорду кошумча каржылоо» программасы боюнча Дүйнөлүк банк Кыргызстандын 2021-жылдагы 13 млн 454 миң өлчөмүндөгү чыгымдарды жаап берген.

«Ошентип, Бейшеналиевдин саламаттык сактоо министри кызматын кайрадан калыбына келтирүүгө толук укуктуу», — деп жыйынтыктады адвокат.

Кийинчерээк 24.kg басылмасына берген маегинде Бейшеналиев өзү президент Садыр Жапаров чечим кабыл алса, кызматына кайтып, «реформаларды улантууга» даяр экенин айткан.

Бейшеналиевдин кармалышы

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда «коррупцияга» шектелип кармалган. Башкы прокуратура чиновникке карата жети кылмыш ишин козгогону белгилүү.

Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, бир кылмыш иши «Коррупция» беренеси боюнча, экөө «Опузалап пара алуу», төртөө «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» жана «Билип туруп пайдасыз контракт түзүү» беренелери боюнча козголгон.

Бейшеналиев коррупцияга жана COVID-19га каршы күрөшүү үчүн вакцина сатып алууда мамлекеттик бюджетке 1,5 млрд сом зыян тийгизген деп шектелген.

Кийин Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча комиссия түзгөнүн билдирген. Өлкө башчысы комиссияны министрге кылмыш иши калыс козголгонбу-жокпу «өзү үчүн билип алуу» максатында түзгөнүн кошумчалаган. Аны менен катар Алымкадыр Бейшеналиевди саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетип, Жаркынбек Касымбековду министрдин милдетин убактылуу аткаруучу кылып дайындаган.

Кармалгандан кийин Бейшеналиев УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген. Бирок 16-июнда сот аткаминерди үй-камагына чыгарган. ТИЗОдо отурганда ал саламаттыгы начарлаганына арызданган.