УКМК: Баткенде Сириядагы согушка жардам көрсөткөн жанкечтилер тобунун үч мүчөсү кармалды

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында Сириядагы согушкерлерге материалдык жардам көрсөтүү максатына чабуул уюштуруп жүргөн делген «Абу Нур» кылмыштуу тобунун үч мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүүлөр «Курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүгө» айыпталып жатышат.

«Абу Нур» каймана аты бар Кызыл-Кыя шаарынын 28 жаштагы тургуну жихадчылар тобунун башчысы экени белгилүү болду. Мурда соттолгон 41 жаштагы дагы бир тургун терористтик аудио-видео материалдарды таратып жүргөнү аныкталды.

Ал эми 30 жаштагы үчүнчү шектүү жамааттын мүчөлөрүнүн дене тарбия даярдыгы үчүн жооптуу болгон. Атайын кызматтан ал «Женго» каймана аты бар Кадыр Досоновдун кылмыштуу тобунун мүчөсү болгонун кошумчалашты.

Шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүү учурунда согуштук үч граната, 57 даана ар түрдүү калибрдеги ок-дарылар жана маалымат алып жүрүүчү көп сандагы электрондук каражаттар менен диний адабияттар табылды.

Кармалгандардын бири Баткен облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Теологиялык экспертизанын корутундусу чыккан соң эки шектүүгө тиешелүү чара көрүлөт.

Жихад — дин үчүн күрөшүүнү билдирген исламдагы түшүнүк, ошондой эле, айрым учурларда «ыйык согуш» деп аталат. Бирок акыркы учурларда куралдын жардамы менен ишеним үчүн күрөшкөн адамдардын «аскерий жихад» деген түшүнүгү пайда болгон.

Буга чейин, 23-августта Ош облусунун Өзгөн шаарында Сириядагы согуштук аракеттерге катышып жүргөн террордук уюмдун активдүү эки мүчөсү кармалган. Шектүүлөр интернет тармагында жана тургундар арасында террордук уюмга көмөктөшүү боюнча үгүт ишин жүргүзүп, экстремисттик материалдарды жайылтып жүргөнү аныкталган.

Кыргыз бийлигинин 2021-жылдагы маалыматына ылайык, 2013-жылдан бери Сирияга болжол менен 800 кыргызстандык чыгып кеткен. Алардын бир бөлүгү каза болгон деп саналат, ал эми аялдар жана балдар аман калган. Алар Сирия жана Ирактагы качкындар лагерине бөлүштүрүлгөн, бирок так саны белгисиз.

Кыргызстандыктарды Сириядагы согуштук аймакка азгыруу менен жалдап алуунун туу чокусу 2014-2015-жылдарга туура келет. Бул убакытта жалдангандардын болжол менен 70%ы өлкөнүн түштүгүнөн кеткен. Сирияга көчүп кетүү демилгесин эркектер көтөрүшөт, алар «ыйык согушка» өздөрү менен кошо жубайларын жана балдарын да алып кетишет.

Кыргызстан 2021-жылдын март айында өз жарандарын согуш жүрүп жаткан аймактардан эвакуациялоону убадалаган. Аларды Кыргызстанга алып келүү тууралуу дагы сөз болгон. Бирок коронавирус пандемиясынан улам иш токтоп калган.

Тема боюнча:

Өзгөн: Сириядагы согуштук аракеттерге катышып жүргөн террордук уюмдун эки мүчөсү кармалды

УКМК: Сириядагы согушка азгырууга шектелип чет элдик эки киши кармалды