Блогер Юлия Барабинага козголгон кылмыш иши токтотулду

Блогер Юлия Барабинага козголгон кылмыш иши токтотулду. Маалыматты блогер өзү Фейсбук аркылуу тастыктады.

Барабина Бишкектин Биринчи май РИИБнин тергөөчүсү кылмыштын курамы жок болгондуктан ишти токтотконун айтты. Блогердин айтымында, тинтүү учурунда алынган буюмдарынын баары кайтарылды: техника, акча, телефон жана санарип маалымат топтоочу каражаттар.

«Мен үчүн тынчсызданып, колдогондордун баарына ыраазычылык билдирем. Мени менен нан, суусун бөлүшүп, мага кошулуп кабатырлангандарга рахмат. Четте карап турбаган медиа коомчулук өтө маанилүү жана чоң роль ойноду. Бир аздан кийин жашоомду өзгөрткөн окуяга кайрылам, азыр болсо тынчтанып, демимди басып алышым керек. Жашоо уланат», – деп жазды Барабина.

Блогер Кыргызстанга кайтып келгенин, бирок «Правдоруб.kg» тайпасынын барагына эки жылдан бери модераторлук кылбай калганын кошумчалады.

Юлия Барабинанын кармалышы

Юлия Барабина Фейсбуктагы «Правдоруб.kg» деп аталган тайпага модераторлук кылчу. Ал «Правдоруб.кг» өзүнүн автордук долбоору экенин, эки жыл мурда Кыргызстандын саясат, экономика жана социалдык турмушуна арналган аналитикалык булак катары түзүлгөнүн айтып берген.

2021-жылдын февралында УКМКнын кызматкерлери блогер Юлия Барабина жана кезексиз президенттик шайлоодо Абдил Сегизбаевдин шайлоо штабында иштеген Мээрим Асанова менен Нурзада Токтогулованын үйлөрүн тинтүүгө алган.

Тинтүүдөн кийин Барабинаны, Токтогулованы жана Асанованын жолдошун УКМКга суракка алып кетишкен. Асанованын жолдошу дагы Сегизбаевдин шайлоо штабында иштеген. ЖМКлардын маалыматына ылайык, Барабина 8 сааттан ашык суракта болгон.

Биринчи май райондук сотунун токтомунда УКМК Барабина, Асанова жана анын жолдошу фейсбуктагы Правдоруб.кг тайпасына «улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козуткан чагымчыл материалдарды жарыялашкан жана жарандарды зомбулук аракеттерге үндөгөн» деп көрсөтүшкөн.

Юристтер соттун токтомунун өзүндө мыйзам бузуу бар деп белгилешкен. Ал эми штаб кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иштери ойдон чыгарылган деп баа беришкен.

2021-жылдын февралында Барабина Кыргызстандан чыгып кеткенин айтып, мындай кадамга барууга «аргасыз кылышканын» айткан.

Тема боюнча окуңуз: УКМК блогер Юлия Барабинаны суракка алып кетти

«Өлкөдөн кетүүгө аргасыз кылышты». Блогер Юлия Барабина Кыргызстандан чыгып кетти