Жалал-Абадда аялды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип мурдагы күйөөсү кармалды

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарындагы кафелердин биринен киши колдуу болгон 24 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Кылмышка шектелип маркумдун мурдагы күйөөсү кармалды.

Облустук милициядан «Клоопко» билдиришкендей, аялдын киши колдуу болгону тууралуу маалымат 27-августка караган түнү саат 02:40 чамасында келип түшкөн.

Окуя болгон жерге Ноокен РИИБдин жетекчилиги жана ыкчам иликтөө тобу барган. Каза болгон аял аталган райондун 24 жаштагы тургуну экени белгилүү болгон. Ага сырттан кароо жүргүзүлүп, денесине 17 жолу бычак сайылгандыгы аныкталган.

Көп өтпөй кылмышка шектүү катары маркумдун мурдагы жолдошу — Кочкор-Ата шаарынын 33 жаштагы тургуну кармалган. Шектүү райондук соттун чечими менен Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Аялдарга карата зомбулук

Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп саналат. Аталган индексте Кыргызстан аялдардын абалы бааланган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген.

Кыргызстанда кыз-келиндер күйөөсүнүн, бирге жашаган адамынын, мурдагы күйөөсүнүн жана тааныш болуп жүргөн эркек кишинин колунан каза тапкан окуялар жыл сайын ондоп катталат. Эл аралык тажрыйбада бул фемицид деп аталат.

*Фемицид— адатта эркектердин кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгондугу үчүн өлтүрүлүшү.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2022-жылдын алгачкы 5 айында 3 988 үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук фактысы катталган.

Эгер сиз шеригиңиздин же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

Тема боюнча:

«16 жолу бычактаган». Бишкекте мурдагы аялын өлтүрүүгө аракет кылган киши кармалды

ИИМ: Өткөн жылы өлкөдө 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды

«Аксакал келинине болушкан». Нарындын тургуну атасынын өлүмүнө шектелип кармалды