Бишкекте эркек киши аялын шаардан күч менен чыгарып кетүүгө аракет кылган, бирок ал кармалган жок.
Журналист Кайыргүл Урумканова Фейсбук барагында аялына зомбулук көрсөтүп, коргоо ордерине карабастан аялын аңдып жүргөн киши тууралуу жазды. Журналист жабыркаган аял өзүнүн тренингдеринин катышып, жолдошу менен көптөн бери ажыраша албай жүргөнүн кошумчалады.
«Аялына буга чейин дагы кордук көрсөтүп жүргөн, аялдын коргоо ордери бар, ошондой болсо да моюн сунбай, кайра күч колдонуп аялын Бишкектен аймакка чыгарып кеткен. Кийин түшүнүк катта экөөнүн чыр-чатагын ата-энеси чечип койгон делип калмак экен», — дейт журналист.
Урумканова келиндин телефонун тартып алышканын, бирок тренерлердин бирине SOS сигналын жиберүүгө үлгүргөнүн билдирди. Сигналдан кийин журналист милицияга кайрылып, келинди алып бараткан унааны токтотуп калууга мүмкүн болгон.
Ал арада Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан маалыматты тастыктап, окуя 4-сентябрда болгонун айтышты. Келинди салып бараткан кичи автобус Боом капчыгайынан токтотулган.
Унаа токтотулгандан кийин аялдын күйөөсүнө кармоо иш-чарасы колдонулган эмес, бирок жабыркаган аялдын күйөөсүнө карата арызы Бишкек ШИИБге өткөрүп берилген.
Үй-бүлөлүк зомбулук жана фемицид
Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп саналат. Аталган индексте Кыргызстан аялдардын абалы бааланган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген.
Ошондой эле, Amnesty International 2021-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук «кең мүнөздүү» болгонун белгилеген. Уюмдун баяндамасында жабыркагандар кол салгандардан экономикалык жактан көз каранды болгондуктан жана кепке калуудан корккондуктан милицияга көп деле кайрылбаганы айтылган.
ИИМдин маалыматына ылайык, 2021-жылы 10 миңден ашык үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталган.
Үй-бүлөдөгү кол салуучуну реалдуу мөөнөткө соттотуу абдан кыйын — кылмыш иштеринин көбү административдик жоопкерчилик катары каралып калат, ал жерде күнөөкөр адам айып пул төлөп же административдик иштерге тартылып жазадан кутулуп кете алат. Ошол эле кезде жазага тартылбасын билип, үй-бүлөдө зомбулугун уланта берет.
Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.
Эгер сиз же жакындарыңыз зордук-зомбулукка кабылса төмөнкү кризистик борборлорго кайрылсаңыз болот.
Кризисттик борборлордун даректери:
- «Шанс» кризистик борбору: Бишкек, Чүй проспектиси 207, 509-кабинет - 0709 710 320;
- «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү 3 - 0312512640
- «Энсан — Диамонд» коомдук уюму — Ош, Ленин көчөсү 205/105 - 0772328960
- «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош обл. Гүлчө айылы - 0555281423
- «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 205 - 0776380777
- «Ак жүрөк» кризистик борбору: Ош, Ленин көчөсү 205 - 0 550 231 329, 0 322 245 976
- «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 312/23 0773843461
- «Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү 31/3 0700257890
- «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү 274/2 0557484713
- «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү 3 0777393077
- «Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад, Б. Осмонов көчөсү 113 0372255084
- «Аялзат — аялдардын демилгесин колдоо» коомдук уюму: Каракол, Абдрахманов көчөсү 105-14 - 0392 251 091, 0553 835 717;
- «Алтынай» кризистик борбору — Чолпон-Ата шаары - 0709 694 550
- «Мээрман» кризистик борбору — Каракол шаары - 0706 383 637
- «Химая» аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору: Каракол - 0702 223 535 — түз байланыш номери - 0551 733 390.
Тема боюнча окуңуз: «Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү
«Сен эч нерсеге татыбайсың!». Зомбулукка кабылган кыргызстандык үч майып аялдын окуясы