Кыйноолорду алдын алуу борбору Оштогу ТИЗОдо каза болгон адамдын өлүмү боюнча прокуратурага кайрылды

Анна Гапликованын иллюстрациясы. Кыйноого каршы коалиция.

24-августта Ош шаарындагы тергөө абагында каза болгон кишинин туугандары ал абакта ур-токмокко кабылып каза тапкан деп эсептейт. Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбор бул боюнча прокуратурага кайрылуу жолдоду.

Маалыматка ылайык, маркумдун агасы Курстанбек Запаров Кыйноолорду алдына алуу борборуна арыз менен кайрылган. Ал тууганын жерге берерде денеси көгала болуп, башы жана далысы сыйрылып, мурду-башы шишип, катып калган кандын издери бар экенин белгилеген.

Запаровдун айтымында, милиция жана тергөө абагынын кызматкерлери маркумдун кармалганын жакындарына айтпай, 24-августта каза болгонун кабарлаган.

«Бул кандайдыр бир кокустан болгон өлүм эмес, адам өлтүрүү. Аны туугандары сөөгүн алып, маркумду майрам сууга алып жатканда тартып алган сүрөт, видеолор далилдеп турат. Ал [маркум] көз жумбай эле, аны ТИЗОдо өлтүрүп коюшкан. Адам өлтүрүүгө тиешеси бар кишинин бардыгы — ЖАКтын кызматкерлери жана камералаштары — мыйзам чегинде жооп бериши керек. Тергөө объективдүү, күнөөлүүлөрдү актоо аракети болбогондой жүргүзүлүүгө тийиш», — деди ал.

Маркумдун туугандары аны милиция кызматкерлери кармап, тергөө абагына которгонго чейин ден-соолугу жакшы болгонун белгилешти.

Ал эми Кыйноолорду алдын алуу Улуттук борбору маркумдун тергөө абагындагы өлүмү одоно укук бузуу экенин белгилеп, иш алардын көзөмөлүндө экенин билдирди.

Аны менен катар, Улуттук борбор бул окуя Жаза аткаруу кызматынын абагында катталган үчүнчү өлүм учуру экенин кошумчалады.

Буга чейин, 10-июнда саясат талдоочу Марат Казакпаев УКМКнын ТИЗОсунда каза болгон. Ал эми 18-июнда «Айыл Банктын» төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев атайын кызматтын тергөө абагында асынган абалда табылган.

Казакпаев менен Асанбаевдин жакындары бир катар дооматтарды айтып, президентке чейин кайрылышкан. Кийинчээрек президент тапшырмасы менен түзүлгөн комиссия «аларды күтүүсүз өлүмгө жагдайлардын трагедиялуу айкалышы алып келген» деген корутунду чыгарган.

Оштогу ТИЗОдо каза болгон адамдын өлүмү

Жаза аткаруу кызматынын маалыматына ылайык, «Уурулукка» айыпталган 33 жаштагы киши убактылуу кармоочу жайдан тергөө абагына 22-августта которулган. Ал эми Кыйноолорду алдын алуу борбору маркум 23-августта абакка которулганын жазды.

ЖАКтын маалыматы боюнча, 24-августта айыпталуучунун камералаштары ал эс-учун жоготконун айтышып, медицина кызматкерлери чакырылган. Саат 16:50дө медкызматкерлер анын каза болгонун аныкташкан.

«Айыпталуучу тергөө абагына кабыл алынып жатканда жүрөк оорусуна даттанган. Ошондой эле эки санында көк ала тактар болгон», — деп белгилешти Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан.

Ал эми маркумдун атасы Султанбек Запаров уулунун жүрөк оорусу болгонун четке каккан.

«Уулум бирөөнүн аккумуляторун уурдаган деп айыпталган болчу. Ошол үчүн эми өлүм жазасы берилбесе керек? Бирок менин балам өлүм жазасын алды. Тергөө абагынын мыйзамы менен өлтүрүлдү», — деп нааразы болду маркумдун атасы.

Тема боюнча:

Ош: «Уурулукка» айыпталган киши тергөө абагында каза болду