Акылбек Жапаров Бөлтүрүктүн кармалышы тууралуу: Биз мындайдын далайын көргөнбүз

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кумтөрдүн» мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн кармалышы тууралуу комментарий берди. Бөлтүрүк кенде текшерүү жүргүзүлүп, 1 млрд сом зыян келтирилгени аныкталгандан кийин Башкы прокуратуранын кызматкерлери тарабынан кармалган.

«Күнөөлү же күнөлүү эмес экенин сот гана аныктай турганын дагы бир жолу айтып коюшум керек. Азыр атайын жумушчу топ түзүлгөн, Башкы прокуратура ИИМден жана УКМКнын [кызматкерлеринен турган]. Бул Эсеп палатасынын алдын ала чыгарган маалыматынын негизинде болду эле. Азыр эми кудай деп туралы, биз мындайлардын далайын башыбыздан өткөргөнбүз. Дагы бир жолу айтайын, сот гана чече алат, же күнөөлүү, же күнөөлүү эмес экенин. “Кумтөр” болсо өзүнүн жумушун так аткарып жатат, бир да грамм сыртка кеткен жок», — деди Жапаров «Азаттык» басылмасына.

Өкмөт башчы буга чейин президент Садыр Жапаров оппозиция жана депутаттарга «Кумтөр» маселеси жана алтындын сатылышы боюнча комиссия түзүүнү сунуштаганын эске салды.

«Биз алтынды кантип жерден алабыз, кантип казып, кантип иштетебиз, каякта сактайбыз, кантип сатабыз баарын аларга көрсөткөнгө макулбуз. Алардан сунуштарды күтүп жатабыз», — деди Жапаров.

Бөлтүрүктүн кармалышы

13-сентябрь күнү Башкы прокуратура Кумтөр кенин ишткеткен «Кумтөр Голд Компанинин» ишин текшерүүнүн жыйынтыгында үч кылмыш иши козголгонун кабарлады. Компания мамлекетке 1 млрд доллардай зыян келтиргени айтылган.

Ошол эле күнү кечинде Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы башкаруучусу жана «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин башчысы Теңгиз Бөлтүрүктү кармаган. Башкы прокуратурадан Бөлтүрүк менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гюль Фронтбек кызы Жаналиева жана каржы башкармалыгынын директору Рыспека Токтогулов дагы кармалган. Кармалгандар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Акылбек Жапаров, Тенгиз Бөлтүрүк жана Садыр Жапаров Кумтөр кенинде. Сүрөт: Президенттин сайты.

«Кумтөрдөгү» тышкы башкаруу

2021-жылдын 17-майында кыргыз бийлиги «Кумтөргө» сырткы башкаруу киргизген. Бийлик бийлик кенди канадалык Centerra Gold Inc иштетип жатканы «жергиликтүүлөрдүн ден соолугуна, өмүрүнө жана экологияга коркунуч жаратат» деген жүйөө кылган. Анда Тенгиз Бөлтүрүк убактылуу тышкы башкаруучу болуп дайындалган.

Буга жооп кылып Centerra Кыргызстандын бийлиги «кенди көзөмөлдөөнү дээрлик толугу менен тартып алды» деп Бөлтүрүктү, кийинчерээк Кыргызстандын өкмөтүн да сотко берген.

2022-жылдын 29-июлунда өлкө бийлиги «Кумтөр» толугу менен Кыргызстанга өткөнүн билдирген. Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, ушуну менен кыргыз тарап канадалык Centerra Gold Inc. менен «Кумтөр» долбоору боюнча эки айры жолго түшкөн.

24-августта минкаб Бөлтүрүк «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучулугунан четтетилгенин кабарлаган. Бул Эсептөө палатасы кендин ишинде каржылык бузууларды аныктагандан кийин болгон.

Ага карабастан, Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калган. Ал бул кызматка 14-февралда келген.

25-августта минкаб кендеги тышкы башкарууну жойгон. «Кумтор Голд Компаниге» жаңы президент — Алмаз Барыктабасов, ал эми башкармалыгынын төрагасы кызматына Болотбек Идирисов дайындалган. Барктабасов бул кызматка дайындалганга чейин «Кумтөрдүн» техникалык тейлөө бөлүмүнүн жетекчиси болгону, ал эми Идирисов компаниянын башкы менежери болгону белгилүү.