Чек арадагы атышуудан ӨКМдин бир кызматкери каза болду

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир кызматкери каза болду. Бул тууралуу 17-сентябрда министр Бообек Ажикеев билдирди.

«Кечээ Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен өзүбүздүн кызматыбыздан бир адамды жоготтук. Ошо өзүнүн кызматын аткарып аткан жеринен ок атышууга аралашып кетип, ошол жерден ал каза болду. Каза болгондо дагы аябай мыкаачылык жагынан каза болду. Эми ага карабастан биздин кызматкерлер өзүнүн милдетин аткарып атат», — деди Ажикеев.

Саламаттык сактоо министрлигинин саат 16:00го карата маалыматына ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы атышуунун кесепетинен жарадар болгондордун саны 122ге жетти. Ал эми кагылышуудан 24 кыргызстандык каза болгону айтылды.

Чек арадагы атышуу

Тажикстан менен чек арадагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Анда куралдуу кагылышуу Баткен облусунун үч аймагында башталган. 15-сентябрь күнү Чек ара кызматынан кыргыз-тажик чек арасындагы абал «салыштырмалуу туруктуу» деп мүнөздөлүп жатканын, ал эми түн тынч өткөнүн билдиришкен.

Бирок 16-сентябрда Чек ара кызматы тажик тарап чек аранын бардык аймактарындагы аскердик жана жарандык объектилерге кол салганын айткан.

Ошол эле күнү Кыргызстандын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тажикстандык кесиптеши Саймумин Ятимов баштаган күч түзүмдөрүнүн башчылары менен жолугуп, ок атууну токтотууну макулдашкан.

Ал арада эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Самаркандда бул маселе боюнча жолугуп, чек арадагы абалды талкуулашып, ок атышууну токтотууну жана куралдуу күчтөрдү артка кайтарууну макулдашкан.

Бирок УКМКнын Чек ара кызматынан саат 18:00го карата тажик тарап макулдашууну бузуп, кайрадан ок чыгарып жатканын кабарлаган. Ал эми саат 18:30га катара чек арадагы кырдаал чыңалуу бойдон экени малымдалган.

17-сентябрда Чек ара кызматы саат 11:15ке карата тажик тарап ок атпоо келишимин бузуп, Достук айылына кайрадан ок чыгарып жатканын кабарлаган.

Тема боюнча:

Президент: Кыргыз-тажик чек арасы такталууда, бир чарчы метр жерди да бербейбиз