Азимбек Бекназаровдун уулу ТИЗО-1ге киргизилди

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаровдун экстремисстик материалдарды жайылтууга шектелип кармалган уулу Руслан Бекназаров ТИЗО-1ге киргизилди. Бул тууралуу «Клоопко» Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Басма сөз кызматтан Бишкектин Биринчи май райондук соту Бекназарорду 15-сентябрда тергөө мезгилине 12-октябрга чейин камакка алганын билдиришти.

Милиция Руслан Бекназаровду 14-сентябрда кармап убактылуу кармоочу жайга киргизген. ИИМден ал экстремисттик материалдарды жайылтууга шектелип жатканын айтышкан.

Милициядан Фейсбукка мониторинг жүргүзүү учурунда Кыргызстанда тыюу салынган «Хизбут-Тахрир-аль-Ислами» террористтик уюмунун идеологиясын пропаганда кылган материалдарды тараткан аккаунт аныкталганын маалымдашкан.

Аталган факты боюнча «Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ага чейин милиция бул иш боюнча Бекназаровду суракка алган болчу.

Буга чейин атасы Азимбек Бекназаров баласын камаганы бул бийликтин «пастыгы» деп билдирген.

«Менин баламды камап, мен чөгөлөтөм деп жатасыңар. Жаңылышасыңар. Мени чөгөлөтөм деген далай президенттерди көргөм. Ошолордун бири — силерсиңер. Силер мени, кыргыз элин эле эмес, сырттан колдоп турган бакиевчилерди дагы 1,5 жылдан бери алдап келатасыңар. Убадаңарды аткарган жоксуңар», — деп айтып, өлкө жетекчилеринин отставкасын талап кылган.

Руслан Бекназаров Бишкектин Свердлов районунун акиминин орун басары. Ал бул кызматка 2022-жылдын июнь айында дайындалган.

Бекназаров бийликке сын айткандан кийин кызматтан алынган

Азимбек Бекназаров 2000-2005-жылдары Жогорку Кеңешке депутат, 2005-жылы башкы прокурор болгон. Ал 2010-жылы Убактылуу өкмөттө вице-премьер-министр кызматын аркалаган. Ошондой эле 2005-жылдагы «Жоогазын» жана 2010-жылдагы «Апрель» революциясына саясий лидер жана активдүү мүчө катары катышкан.

2020-жылы Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган.

Ал эми Беканазаров элчилик кызматтан алынганы үстүбүздөгү жылдын 5-августунда белгилүү болгон. Президенттин жарлыгында саясатчы «алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөөнү аткара албагандыгы» маалымдалган.

Бекназаров өзү «Кумтөр» маселесине байланыштуу сын айткандан кийин кызматтан алынганын билдирген.