Медиакоомчулук Болот Темировго карата куугунтукту токтотууну талап кылды

Журналист жана активисттердин тобу иликтөөчү журналист Болот Темировдун аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондуктан журналистти бардык тагылган айыптоолор боюнча актоону талап кылды. Алардын ачык кайрылуусун «Институт Медиа Полиси» уюму таратты.

Анда авторлор Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыяланганын эске алганда Болот Темировдун өмүрү үчүн «катуу тынчсызданып» жатышканын билдиришти. Буга чейин мамлекеттик айыптоочу Болот Темировду беш жылга эркинен ажыратып, өлкөдөн чыгарып салууну сураган эле.

Кайрылуунун авторлорусот аталган талапты канааттандырып, Темировду Орусияга чыгарып салышы ыктымал дешет.

«Медиакоомчулук башынан эле Болот Темировдун кылмыш куугунтугун түздөн-түз кесиптик ишмердиги менен байланыштырып, аны Конституция жана Кыргызстан өзү мүчөсү эсептелген эл аралык келишимдер менен кепилденген сөз эркиндиги жана көз карандысыз басылманын эркинигине каршы чабуул катары сыпаттап келет. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаровдун БУУнун Башкы ассамблеясында Кыргызстан “БУУнун Уставын ырааттуу жана катуу сактап, өз милдеттерин ак ниет аткарып келет” деген сөзүн эскербей коюу болбостур», — деп айтылат кайрылууда.

28-сентябрда сот отуруму өтөт, анда Темировго акыркы сөз берилип, сот өкүмү чыгарылышы мүмкүн.

Учурда Темировго карата төрт кылмыш иши козголгон — паспорт жана аскердик билетти мыйзамсыз алуу, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана баңгизаттарды даярдоо.

Болот Темировго козголгон кылмыш иштер

20-январда Temirov Live мамлекеттик ишкана аркылуу мазут сатып 30 млн сомдон ашык пайда тапкан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары тууралуу иликтөө жарыялаган.

Эки күндөн кийин, 22-январда, милиция Temirov Live’дын негиздөөчүсү Болот Темировду жана анын кесиптеши, төкмө акын Болот Назаровду кармаган. Мындан сырткары соцтармактарда Темировду жана анын командасын каралаган видеолор тарай баштаган. Кийинчерээк Темировго карата дагы үч кылмыш иши козголгон.

Темиров бул кылмыш иштерди журналисттердин тобу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн «иштерин» ачыкка чыгарганы үчүн куугунтук катары баалаган. Адвокаттар журналистке карата козголгон кылмыш иштерин «толугу менен абсурд» деп аташкан.

Буга чейин адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки Фонду (HFHR) жана Жарандык укук коргоочулар (CRD) бийликтен иликтөөчү журналист Болот Темировго карата тагылган айыптарды алууга чакырышкан.

Уюмдагылар Темировго карата кылмыш иштер «саясий мүнөзгө ээ» жана «жогорку бийлик бутактарындагы коррупция тууралуу иликтөөлөр үчүн анык эле өч алуу» деп билдиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Next TVнын директору Дүйшенбиев 5 жылга соттолуп, пробация менен сот залында бошотулду

Мамкаттоонун кызматкерлери Болот Темиров паспортун мыйзамдуу алганын билдиришти