Шаардык сот Руслан Бекназаровду 12-октябрга чейин камакта калтырды

Бишкек шаардык соту Бишкектин Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаровду 12-октябрга чейин ТИЗО-1де камакта калтырды. Ал экстремисстик материалдарды жайылтууга шектелип кармалган.

Мекеменин маалыматына ылайык, шаардык сот Бекназаровду камакка алуу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчисинин уулун милиция 14-сентябрда кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген.

Милициядан Фейсбукка мониторинг жүргүзүү учурунда Кыргызстанда тыюу салынган «Хизбут-Тахрир-аль-Ислами» террористтик уюмунун идеологиясын пропаганда кылган материалдарды тараткан аккаунт аныкталганын маалымдашкан.

Бул боюнча «Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ага чейин милиция бул иш боюнча Бекназаровду суракка алган болчу.

Ал эми анын атасы Азимбек Бекназаров баласын камаганы бул бийликтин «пастыгы» деп атаган.

«Менин баламды камап, мен чөгөлөтөм деп жатасыңар. Жаңылышасыңар. Мени чөгөлөтөм деген далай президенттерди көргөм. Ошолордун бири — силерсиңер. Силер мени, кыргыз элин эле эмес, сырттан колдоп турган бакиевчилерди дагы 1,5 жылдан бери алдап келатасыңар. Убадаңарды аткарган жоксуңар», — деп айтып, өлкө жетекчилеринин отставкасын талап кылган.

Бекназаров бийликке сын айткандан кийин кызматтан алынган

Азимбек Бекназаров 2000-2005-жылдары Жогорку Кеңешке депутат, 2005-жылы башкы прокурор болгон. Ал 2010-жылы Убактылуу өкмөттө вице-премьер-министр кызматын аркалаган. Ошондой эле 2005-жылдагы «Жоогазын» жана 2010-жылдагы «Апрель» революциясына саясий лидер жана активдүү мүчө катары катышкан.

2020-жылы Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган.

Ал эми Беканазаров элчилик кызматтан алынганы үстүбүздөгү жылдын 5-августунда белгилүү болгон.

Президенттин жарлыгында саясатчы «алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөөнү аткара албагандыгы» маалымдалган.

Бекназаров өзү «Кумтөр» маселесине байланыштуу сын айткандан кийин кызматтан алынганын билдирген.