Садыр Жапаров төрт министрликтин жаңы жетекчилерин бекитти

Президент Садыр Жапаров төрт министрликтин жаңы башчыларын бекиткен жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Алсак, өлкө башчысы Таалайбек Ибраевди энергетика министри, Уланбек Мамбетакуновду билим берүү жана илим министри, Тилек Текебаевди транспорт жана коммуникацялар министри, ал эми Алтынбек Максутовду маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кылып дайындады.

Аталган министрлердин дайындалуусуна 6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары дагы макулдугун берген.

Буга чейинки министрлердин кызматтан алынышы

Президент Садыр Жапаров 3-октябрда Доскул Бекмурзаевди энергетика министри кызматынан, ал эми Алмазбек Бейшеналиевди билим берүү жана илим министри кызматынан бошоткон.

Бейшеналиев менен Бекмурзаев коррупция жана кызмат абалынан кыянат пайдаланууга байланышкан кылмыш иштери боюнча шектүү катары өтүп жатышат.

Ал эми маданият министри Азамат Жаманкулов менен транспорт министри Эркинбек Осоев ошол эле өз калоолору менен ээлеген кызматтарынан кетишкен. Садыр Жапаров болсо аларды кызматтан бошотуу жарлыктарына кол койгон.

Тема боюнча окуңуз: Алмазбек Бейшеналиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду

Азамат Жаманкулов маданият министри кызматынан бошотулду

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев кызматынан бошотулду