Бишкек: Зөөкүр күйөө ооруп жатканына байланыштуу сот кылмыш ишин токтоткон

Бишкектин Ленин райондук соту 2022-жылдын 12-январында жубайы Зуура Төрөеваны уруп-сабап, балдарын көрсөтпөй жатат деп шектелген кишиге козголгон кылмыш ишин убактылуу токтоткон. Бул тууралуу «Клоопко» Бишкектин Ленин РИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекемеден чечим шектүүнүн ден соолугунан улам кабыл алынганын билдиришти. Милициядан шектүү кандай оору менен ооруп жатканын так айтышкан жок.

РИИБнин маалыматына ылайык, Зуура Төрөева 2021-жылдын 17-майында арыз менен кайрылган. Келин 2021-жылдын 16-майында кер-мур айтыша кеткендиктен ден соолугуна залал келтирген жолдошуна чара көрүүнү суранган.

«Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “Үй-бүлөлү зомбулук” беренеси менен катталган. Шектүү териштирүү иштери үчүн Тергөө кызматына алып келинген. Кылмыштын курамы жок болгондуктан сотко чейинки өндүрүш токтотулган — шектүүгө карата тиешелүү чараларды көрүп, ишти андан ары Ленин райондук сотуна өткөрүп берүү үчүн материалдардын көчүрмөсү жиберилген», — деп билдиришти милициядан.

Келин зөөкүр күйөөсү менен ажыраша албай жүрөт

Мурдараак «Прецеденттин өнөктөш тайпасы» Бишкекте сот дээрлик бир жылдан бери аялды балдарын көрсөтпөй жаткан зөөкүр күйөөсүнөн ажыраштыра албай жатканын айтып чыгышкан.

Уюмдан аял күйөөсүнүн зомбулугунан улам алты айлык наристесин көтөрүп үйдөн чыгып кетүүгө мажбур болгонун билдиришкен.

Алардын маалыматына ылайык, жабырлануучу Зуура Төрөева Ленин РИИБне 2021-жылдын июнь айында кайрылган, бирок келинге жадагалса коргоо ордерин да беришкен эмес. Уюмдан белгилешкендей, күйөөсү келиндин документтерин бербей койгондуктан, кайрадан жасоого туура келген.

Окуядан кийин, 2021-жылдын 7-декабрында никени жокко чыгаруу боюнча сотко кайрылган.

«Сотко кайрылгандан бери 10 ай өттү, бирок иш ар түрдүү себептерден улам жылдырылып жатат. Зуураны көргөндө эле күзөтчү бала бакчанын дарбазасын жаап алып, балдарды короого чыгарбай жатат», — деп айтып беришкен уюмдан.

Жабырлануучу Зуура Төрөева Инстаграм барагына 2021-жылдын май айында күйөөсү жана балдары менен жашаган үйдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгонун жазган. Келин эмчектеги кызын өзү менен алып кеткен, бирок жолдошу экөөнүн ортосундагы эки баласы күйөөсүндө калган.

«Ошол күндөн бери Бакыт Төрөев (жолдошум) балдарымды көрүүгө, алар менен байланышууга эч кандай мүмкүнчүлүк бербей жатат, ал эми коркутуулардан улам батирге өзүм бара албай жатам», — деп жазган келин.

Төрөева күйөөсү бир нече жыл бою аны уруп-сабап, физикалык да, моралдык да басым кылып, мазактап келгенин айтып берген.

Ал жолдошунда калган балдары да зомбулук көрүшү мүмкүн деп чочулап жатканын айткан.

«Мен, үч баланын энеси катары, балдарымдан айрылып, моралдык жактан кыйналып жатам. Бакыт Төрөев улуу кызым менен уулумду (Раида менен Расул) мени кайтып келишим үчүн жана үй-бүлөлүк зомбулугун улантуу максатында колдонгон туткунга айланышты. [Эгер кайта турган болсом] ал анын үй-бүлөлүк зомбулугун ачыктап милицияга кайрылганым жана тил албаганым үчүн өч алуу катары үч эсе катаал зомбулук көрсөтөт», — деп жазган келин.

Төрөева коомдук резонанс жаратуу үчүн кыргызстандыктардан жардам сураган.

«Мен бардык энелерден, кайдыгер эмес жарандардан ушул постту [Инстаграмдагы] таратып, бөлүшүүнү суранам. Балдарым кыйналбашы керек, алардын эч кандай күнөөсү жок», — деп кайрылган келин.

Милиция менен сот эмне деген?

Ал арада, Бишкек шаардык сотунун (БШС) басма сөз кызматынан «Клоопко» аталган иш чындап эле Ленин райондук сотунун кароосунда экенин билдиришкен.

Басма сөз кызматтан сот ишти бир эле учурда үч талап менен карап жатканын айтышкан: никени жокко чыгаруу, балдардын жашай турган жерин аныктоо жана алимент өндүрүү.

Бишкек шаардык сотунун маалыматына ылайык, учурда иш соттук-психологиялык экспертиза дайындалгандыктан токтоп турат.

Үй-бүлөлүк зомбулук жана фемицид

2021-жылы Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп табылган. Аталган индексте Кыргызстан аялдардын абалы бааланган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген.

Amnesty International 2021-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук «кең мүнөздүү» болгонун белгилеген. Уюмдун баяндамасында жабыркагандар кол салгандардан экономикалык жактан көз каранды болгондуктан жана кепке калуудан корккондуктан милицияга көп деле кайрылбаганы айтылган.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2021-жылы 10 миңден ашык үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталган.

Үй-бүлөдөгү кол салуучуну реалдуу мөөнөткө соттотуу абдан кыйын — кылмыш иштеринин көбү административдик жоопкерчилик катары каралып калат, ал жерде күнөөкөр адам айып пул төлөп же административдик иштерге тартылып жазадан кутулуп кете алат.

Ошол эле кезде жазага тартылбасын билип, үй-бүлөдө зомбулугун уланта берет.

Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

Эгер сиз же жакындарыңыз зордук-зомбулукка кабылса төмөнкү кризистик борборлорго кайрылсаңыз болот.

Кризисттик борборлордун даректери:

  • «Шанс» кризистик борбору: Бишкек, Чүй проспектиси 207, 509-кабинет - 0709 710 320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү 3 - 0312512640
  • «Энсан — Диамонд» коомдук уюму — Ош, Ленин көчөсү 205/105 - 0772328960
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош обл. Гүлчө айылы - 0555281423
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 205 - 0776380777
  • «Ак жүрөк» кризистик борбору: Ош, Ленин көчөсү 205 - 0 550 231 329, 0 322 245 976
  • «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 312/23 0773843461
  • «Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү 31/3 0700257890
  • «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү 274/2 0557484713
  • «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү 3 0777393077
  • «Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад, Б. Осмонов көчөсү 113 0372255084
  • «Аялзат — аялдардын демилгесин колдоо» коомдук уюму: Каракол, Абдрахманов көчөсү 105-14 - 0392 251 091, 0553 835 717;
  • «Алтынай» кризистик борбору — Чолпон-Ата шаары - 0709 694 550
  • «Мээрман» кризистик борбору — Каракол шаары - 0706 383 637
  • «Химая» аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору: Каракол - 0702 223 535 — түз байланыш номери - 0551 733 390.

Тема боюнча окуңуз:

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

«Сен эч нерсеге татыбайсың!». Зомбулукка кабылган кыргызстандык үч майып аялдын окуясы