Темир Сариев: Өнүгүүгө ЖМК эмес, мамлекеттик органдардын туура эмес чечимдерди тоскоолдук кылат

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Kaktus.Media басылмасына Кыргызстанда ЖМК эркин жана көз карандысыз болушу керектигин атты. Саясатчы айрым депутаттар жана коомдук ишмерлердин «Азаттык», «Клооп» жана Kaktus.Media басылмаларын жабуу керек деген билдирүүлөрүнө ушундай пикирин билдирди.

«Бул ЖМКнын кылып жаткан ишин бурмалоо. Аталган басылмалардын баары бир топ олуттуу редакциялар, алар такталган, тешерилген жана тең салмактуу маалыматтарды өз убагында беришет. Муну менен алар бир гана биздин аймактагы эмес, Кыргызстанга кызыккан, чет өлкөдө туруп биздин өлкө тууралуу окугандарга да жардам беришет. Алар абдан бейтарап. Басылмалар маалыматты бурмалап, бузукулук кылып жатат деп айтуунун өзү таптакыр туура эмес. Адам күзгүгө карап, өзүнө-өзү жакпай жатса күзгүнү сындырышы керек эмес, өзүнө жакшыраак көңүл бурушу керек. Азыркы абал да ушуга окшош», — деп баса белгиледи Сариев.

Экс-премьер-министр Кыргызстандын өнүгүшүнө ЖМК эмес, мамлекеттик органдардын туура эмес чечимдери жана катачылыктары тоскоолдук кылып жатат деген пикирин билдирди.

«ЖМК коомчулукта ажырым жаратууда. Ооба, сындар айтылат, бул ЖМКнын ажырагыс бөлүгү. Алар саясатчылардын, түрдүү адамдардын пикирин чагылдырып, аналитикалык материалдарды жазашы керек. Сындан коркпош керек. Сындан коркпогон бийлик — күчтүү бийлик, корккон бийлик — алсыз. Бийликтин талкуу үчүн аргументи жок болсо, катаны оңдоп, жакшыртуунун ордуна, көйгөйдү жаап-жашырат», — деди ал.

Сариев ЖМКны колдой турганын, ал эми аталган үч басылманы жабуу демилгеси «жок жерден чыгарылган демилге» экенин кошумчалады.

Буга чейин эл өкүлү Жанар Акаев жана мурдагы депутат Мирлан Жээнчороев Кыргызстандагы көз карандысыз ЖМКга жан тартышкан.

Алар мындай билдирүүнү 13-октябрда «Азаттык» радиосунун имаратынын алдында митинг өткөн шартта жасашты. Митингге чыккан 30дай киши «Азаттык», «Клооп» жана Kaktus.media көз карандысыз басылмаларынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылышкан.

Митингге чейин, бир күн мурун депутат Дастан Бекешев кесиптеши Надира Нарматова «Азаттык», «Клооп» жана Kaktus.media басылмаларын жабууга кол топтоп, президентке кайрылуу даярдап жатканын айтып чыккан. Нарматова өзү моюндаган эмес.

Тема боюнча окуңуз:

Бишкекте «Азаттык», «Клооп» жана Kaktus Media басылмаларын жабуу талабы менен митинг өттү

Нарматова «Клооп», «Азаттык», Kaktus Media’ны жаптыруу үчүн депутаттардан кол топтоп жатат — Бекешев