Tik-Tok колдонуучусу Камчыбек Ташиевди беттешке чакырып, эртеси кайра кечирим сурады

TikTok соцтү йүнүнүн колдонуучусу 11-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди беттешке чакырды. Ал чакыруу жасаган видеонун Ташиевге мүмкүн болушунча эртерээк жетүүсүнө жардам берүүнү суранды.

«Менин атым “Дикий волк”, “Карышкыр кумайык”, Кыргызстандын номер бир жиндиси мындай айтканда, жырткыч. Камчыбек Ташиевге болгон бүгүнкү менин кайрылуум, Ташиевди беттешке чакырам. Таза спорттук кызыкчылыкта. Камчыбек Ташиевге мүмкүн болсо ушул видеону тезинен жеткиргиле. Менин чыдамым жетпей баратат. Беттеш болот бизде, беттеш, түшүнүп атасыңарбы? Сизден жооп күтөм», — деген ал видеодо.

Бирок эртеси күнү ал видеону өчүрүп, УКМКнын төрагасынан кечирим сураган.

@bayastan.borz.95 #малымат #жанылыктар #топкыргыз #кыргызстан🇰🇬тикток #кыргызстан🇰🇬 ♬ оригинальный звук - Muslim_shoppp

«Өзүңүздөр көрүп тургандай, кечээ күнү мен мас болуп, ичип алып Камчыбек Ташиев, өзүбүздүн байкебизге чакыруу таштап алдым. Кичине түшүнбөстүк болуп калды, кичине …. ошондуктан Камчыбек Ташиевден чын жүрөктөн кечирим сурайм. Кечирип койгула мени, баарыңар, кимде-ким көргөн болсо. Мындай нерсе мындан ары кайталанбайт, кичине мас болчумун, сөздүн ачыгы. Азыр турсам өтө көптөгөн адамдар телефон чалыптыр, кечирим сураганга толук түрдө милдеттүүмүн, туура эмес экен. Ошого байланыштуу кечирип коюңуздар баарыңыздар кыргыз элим», — деди ал.

УКМКдан видеодогу жигит менен алар байланышпаганын билдиришти.

Тема боюнча:

«Кудай койгон ханыбызсың». Президентти сындаган мигрант аял кайра кечирим сурады

УКМК жарандар менен врачтарды мажбурлап кечирим сураттырган эмес — Башкы прокуратура