Кемпир-Абад: Мадумаров президенттин Өзгөндөгү эл менен жолугушуусун «спектакль» деп атады

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров президент Садыр Жапаровдун Кемпир-Абад маселеси боюнча 4-октябрдагы Өзгөндөгү эл менен жолугушуусун «спектакль» деп атады. Бул тууралуу ал Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча өтүп жаткан 15-октябрдагы элдик курултай учурунда билдирди.

Мадумаров өлкө башчысы катышкан жыйынга Жапаровдун колдоочулары гана чогулганын белгилеп, «Кемпир-Абад маселесин ошолор чечеби» деп суроо салды.

«Кыргызстандагы бүтүндөй колдоочуларын алып келип, залга толтуруп, “аа” деп ооз ачса шатыра-шатман кол чаптырды. Айрым өзгөндүк аксакалдар “Бизге мамлекет жетечилери биринчи жолу келип отурат” деди, намыс жок. Мына ошоло топтолуп отуруп алып “Кемпир-Абад кете берсинби?” деп добушка коёт имиш», — деди ал.

Эл өкүлү Кемпир-Абад боюнча Кыргызстандын пайдасына чечилген 1975-жылга таандык докумен бар экенин белгиледи. Анын айтымында, чечимде Өзбекстан менен суу сактагычка байланыштуу ага чейин кабыл алган бардык чечимдер жокко чыгарылган.

«Азыркылар “Турдакун Усубалиев, Акматбек Сүйүнбаев, Исхак Раззаков күнөөлүү экен” деп айтышат. Буларың алар жасаган иштин миңден бирин жасай алышпайт. “Аларга тил тийгизбе, тишеси жок, алар жооп бере албайт” деп айттым. Бул өлкөдө, бул элдин башында силердей сабатсыз бийлик болгон эмес», — деди ал.

Ошондой эле Мадумаров Кемпир-Абад маселесин жергиликтүү айылдык депутаттар чечсин деген сунуш киргизгенин кошумчалады.

Бүгүн, 15-октябрда Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда Кемпир-Абар суу сактагычы боюнча элдик курултай өттү. Жүздөгөн адам Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшүнө каршы экенин белгилеп, «элдин үнүн уккула» деп бийлик башындагыларга кайрылды.

Президенттин эл менен жолугушуусу

4-октябрда Өзгөн райондук администрациясында Кемпир-Абадка байланыштуу жабык жыйын өткөн, ага президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү жана депутаттар катышкан.

Жыйынга чогулган элдин дээрлик жарымынан көбү жана журналисттер киргизилген эмес — муну имараттын тардыгы менен түшүндүрүшүп, алар экинчи этап менен кабыл алынаарын айтышкан. Ошондой эле жыйынга катышкандардын имараттын киришинде телефондору алынган.

Ал эми жыйындан түз эфирге чыккан «Клооп» басылмасы жана «Т-Медиа» телерадиокомпаниясынын видеолору журналисттердин фейсбук барагына чабуул жасалып, өчүрүлгөн.

Кемпир-Абад боюнча жыйынга кирбей калган тургундар президент Садыр Жапаров жана аны менен чогуу келген бийлик өкүлдөрү «сыртка чыксын» деп талап кылышкан. Бирок алардын талабы аткарылган эмес. Андан кийин сыртта калган элди жыйынга чакырышкан, бирок айрым жергиликтүүлөр да имаратка кирүүдөн баш тартышкан.

Тема боюнча:

Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча элдик курултай өтүп жатат

«Адамча түшүндүрүп бердим». Садыр Жапаров Кемпир-Абадга байланыштуу кайрылуу жасады

Өзгөн: Милиция Кемпир-Абад боюнча нааразы болгондор тиккен боз үйдү түн ичинде бузуп кетти