Милиция мажбурлап никеге тургузуу үчүн кыз уурдоого шектелген кишини кармады

Милиция кызматкерлери мажбурлап никеге тургузуу үчүн кыз уурдоого шектелген 26 жаштагы кишини кармады. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-сентябрда 20 жаштагы кыз милицияга арыз менен кайрылган. Ал быйылкы жылдын июнь айынан бери коркутууга кабылып, аны турмушка чыгууга мажбурлап жатышканын айткан.

Бул боюнча «Адамды никеге турууга мажбурлоо» беренеси менен иш козголгон. Милиция кылмышка шектүү катары 26 жаштагы кишини кармады.

Азыркы тапта шектүү убактылуу кармоочу жайда. Ал эми тергөө иштери уланып жатат.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында мажбурлап никеге тургузуу максатында 17 жаштагы кызды уурдаган 25 жаштагы шектүү кармалган болчу.

Кыздарды жана аялдарды уурдоо

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2021-жылы аялды уурдап, мажбурлап никеге тургузуу боюнча 560 факты катталган.

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин бул кылмыш иштери Жазык кодексинин төрт беренеси менен катталган — «Никеге туруу максатында ала качуу», «Иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга мажбурлоо», «Адамды никеге турууга мажбурлоо», «Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу».

Көпчүлүк учурда мындай окуялар сотко жете бербейт, ал эми мыйзам бузгандар тиешелүү жазасын албай келет. Агрессордун жазасыз калышы уурдалган кыздын өлүмү менен аяктаган учурлар бар.

2021-жылы маркум Айзада Канатбекованын тагдыры аянычтуу аяктаган. Айзаданы Замирбек Теңизбаев аттуу жаран уурдап качып, зордуктап, кызды өлтүрүп, кийин өзүнүн да жанын кыйган. Окуя коомчулукта резонанс жараткандыктан, Теңизбаевге кызды уурдоого жардам бергендер реалдуу жазасын алып, эркинен ажыратылышкан. Бирок кыздын өлүмүнүн алдын албаган милиция кызматкерлери тиешелүү жазасын алышкан жок.

Буга чейин ушундай эле окуя болгон, 2018-жылы 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызы милиция бөлүмүнөн каза тапкан. Шектүү кызды зордоп никеге тургузуу максатында уурдаган, бирок алар кармалып милиция бөлүмүнө жеткирилгенден кийин кызга бычак сайып өлтүргөн жана өзүн өлтүрүүгө аракет кылган.

Дагы окуңуз:

Айзаданы уурдоо. Милиция окуянын чоо-жайын айтып берди

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты

«АПА» ДЕП КЫЙКЫРДЫ!