Байсалов: Көзкарандысыз басылмаларды жабууну талап кылган акцияларга бийликтин тиешеси жок

Эдил Байсалов

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов үч көз карандысыз басылмага – «Клооп», «Азаттык» жана Kaktus.media’га — жасалган басым боюнча комментарий берди.

Буга чейин 30га чукул адам «Азаттык», «Клооп» жана Kaktus Media басылмаларын жабууну талап кылып, «Азаттык» үналгысынын Бишкек шаарындагы имаратынын алдына чогулушкан.

Байсалов Kaktus.media сайтына берген маегинде бул аракеттерге бийликтин «эч кандай тиешеси жок экенин жана демилгечиси эместигин» билдирди.

«Бул нонсенс! Эмне үчүн редакциялар жабылышы керек? Басылмаларды жаап, укук коргоочулар менен журналисттерди камаган – мурунку бийликтин иши. Азыр андай нерсе жок. Бул демилгенин президенттик администрацияга тиешеси жок. Биз басылмаларыбыз менен талашып-тартышабыз, бирок басылма ошол үчүн басылма да. “Жабуу” эмне деген сөз? Биз эмне Түндүк Кореяда жашап жаттык беле? Биз эркин Кыргызстанда жашайбыз!» — деп билдирди Байсалов.

Ошол эле учурда төраганын орун басары «биздин ЖМКлар көп учурда жаңылышат» деп билдирди.

«Жоопкерчиликтүү, кылдат иштөө талап кылынат. Демократиялык өлкөдөгү басылмалар коомчулук чагымчыл билдирүүлөргө алдырбашы үчүн так маалымат берүүчүнүн ролун аткарат. ЖМКлар терс көрүнүштөрдүн агрегатору болуп, талаш кырдаалды күчөтүп, курчутпашы керек», — дейт ал.

Эркин медиаларга каршы митинг

13-октябрда 30га чукул адам «Азаттык», «Клооп» жана Kaktus Media басылмаларын жабууну талап кылып, «Азаттыктын» Бишкектеги имаратынын алдына чогулушкан.

Нааразы болгон топ «“Азаттык”, “Клооп”, “Кактус” кетсин», «“Азаттык” — эл душманы», «НПОчуларга жол жок» деген жазуусу бар кагаздарды көтөрүп турушкан. Ошондой эле алар депутаттардан «чет элдик агенттер» жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алууну талап кылышкан.

Акциянын уюштуруучусу Илимбек Исраилов эгер «чет элдик агент» жөнүндө мыйзам кабыл алынбаса, «Азаттыктын» имаратын «таш менен талкалап, бензин чачып, өрттөп кетем» деп эскерткен.

«Сатылма, булар жакшылык кылбайт. [...] Kaktus Media — Орусиянын жетим жүгүрүгү, “Клооп” менен “Азаттык” — Американын жетим жүгүрүгү. Булар Кыргызстанда таптакыр чагылдырбасын. Бейөкмөт уюмдар өз уставынан чыгып, биздин саясатка кийлигишип кетип жатат», — деген ал.

Ал эми 12-октябрда депутат Дастан Бекешев кесиптеши Надира Нарматова «Клооп», «Азаттык» жана Kaktus Media басылмаларын жаптырып салуу боюнча депутаттардан кол топтоп жатканын айткан. Ал эми Надира Нарматова Бекешевдин билдирүүсүн «жалган» деп белгилеп, далилдеп берүүсүн талап кылган.

Нарматова өзү буга чейин парламентте «чет элдик агенттер» жөнүндө мыйзамды кабыл алууну сунуштаган болчу.

Ал эми 14-октябрда активисттер, журналисттер жана кайдыгер эмес адамдар сөз эркиндигин жана көз карандысыз ЖМКларды коргогон акция өткөрүшкөн. Анда алар Нарматова мандатын тапшыруусун талап кылышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Тил кесмек жок». Бишкекте көз карандысыз ЖМКларды колдогон акция өттү

Бишкекте «Азаттык», «Клооп» жана Kaktus Media басылмаларын жабуу талабы менен митинг өттү