Өзгөн: Кемпир-Абадды коргоп чыккан эки аксакал милицияга сурак берди

Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы болуп келген эки аксакал кармалып, милицияга сурак берди. Бул тууралуу 18-октябрда жергиликтүү активисттер билдирди, маалыматты Ош ОИИБи тастыктады.

Милициядан 60 жана 63 жаштагы тургундар «Кемпир-Абад кыргыз жери» аталышындагы Whats App тайпасында «18-октябрда Ош – Бишкек унаа жолун тособуз» деген аудио таратканын билдиришти. Буга байланыштуу РИИБдин кызматкерлери алардын өздүгүн аныктап, тергөөгө камсыздаган.

«Алар өздөрүнүн телефондорундагы аудио жазмаларын тергөө кызматына өз ыктыяры менен тапшырышкан. Ошондой эле сурак учурунда жол тосууга мыйзам жол бербей тургандыгы түшүндүрүлүп, мыйзам чегинде жоопко тартылаары эскертилип, үйүнө коё берилген», — деп жазылат ОИИБдин билдирүүсүндө.

Ал арада Өзгөндүн тургундары кайрылуу жасап, бийликтен «коркутуп-үркүтүүнү токтотууну» талап кылышты.

«Жигиттерди бирден-экиден сүйрөп, коркутуп-үркүткөнүңөр болбогон иш. Мындайга барбагыла! [...] Эл — бул сел. Элдин үнүн уккула!» — дешти алар.

Бул Кемпир-Абадды коргоп чыккандардын биринчи жолу эле кармалышы эмес. 14-октябрда милиция жергиликтүү активист Каныкей Аранованы кармаган.

Милициядан «Аранова РИИБдин кызматкерлеринин жеке аброюна шек келтирип, мазактаган» деп билдиришкен. «Майда бейбаштык» беренеси менен протокол түзүлүп, сот аны 30 саатка коомдук жумушка тарткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Түшүмдүү жердин ордуна какыраган таш. Кыргызстан Кемпир-Абаддан кол жууса эмне болот?

Элдик курултай Кемпир-Абадга тиешелүү жер алмашуу иши токтотулсун деген чечим кабыл алды