Байсалов кыргыз-өзбек макулдашуусу тууралуу: «Кол коюуну үзгүлтүккө учуратууга жол бербейбиз»

Минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов укук коргоочу Рита Карасартованын Өзбекстан менен чек араны делимитациялоо жана деморкациялоону түз эфирде талкуулоо үчүн президент менен жолугушуу өткөрүү талабына реакция кылды.

«Өкмөт үйүнө келип, жыйынды түз эфирде көргүбүз келет деп талап кылалы. Болбосо, Ташиевдин аракетин көрдүк, Байсаловдун риторикасын көрдүк, бийликтин арзыматтарынын публикацияларын көрүп жатабыз», — деп жазган Карасартова Фейсбук барагына.

Эдил Байсалов буга жооп кылып активистти «мамлекеттик мааниге ээ маселени чечүүнү митингчилердин аянтына айландырбоого» чакырды.

«Маалымат керек болсо, келиңиз [жыйынга]. Эгер каалаган, эң оор суроону берип, ага ошондой түз, ачык жооп алууну кааласаңыз — келиңиз. Ал эми хайп керек, жаңжал жана чагым керек болсо, келбей эле койгонуңуз оң. Биз болгону сиз түз эфир уюштургуңуз келгени үчүн мамлекеттерибиздин ортосундагы маанилүү макулдашууга кол коюуну үзгүлтүккө учуратууга жол бербейбиз», — деп жооп жазды Байсалов Фейсбук барагына.

Байсалов жыйындын катышуучуларынына маалымат берилип, бардык суроолорго жооптор берилерин айтып ишендирди.

«Дагы бир жолу кайталайм. Жетекчиликтин демилгеси менен уюштурулуп жатат. Атайын. Анткени, митингтерде жана соцтармакта таратылып жаткан маалымат жалган жана туура эмес болгону үчүн. Келиңиз, маалымат алыңыз. Пикириңизди ошол маалыматтын негизинде түзүңүз. Кайрадан эле каршы чыга берген учурда, капачылык деле болбойт. Жок дегенде, аракет кылдык, түшүндүрүүгө дейбиз», — деп жазды Байсалов.

Бүгүн, 20-октябрда Өкмөт үйүнүндө Кемпир-Абад боюнча активисттер менен бийликтин жолугушуусу өтүп жатат. Аны президенттин администрациясы уюштурду.

Жолугушуу жабык өтүүдө, катышуучулар тизме менен киргизилип жатат. Журналисттерге аудио жана видео жаздырууга болбойт деп эскертүү берилди.

Кемпир-Абад боюнча талаштар

Бийликтин билдирүүсүнө караганда Өзбекстан менен чек ара маселесин чечүү иши аяктап калды. Алсак, 1 378 чакырымды төзгөн чек аранын 1 170и же 85% такталган.

Эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары 2022-жылдын 26-сентябрында өлкөлөр ортосундагы чек арадагы айрым тилкелер боюнча долбоорлорду макулдашуу боюнча процедураларды баштоого мүмкүндүк берген протоколго кол коюшкан. Бирок чек араны такташууда Кемпир-Абад суу сактагычы маселе жаратууда.

Бир эле учурда чек араны делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы болуп эсептелген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы жер Өзбекстанга өтүп жатканын билдирген. Ошол эле учурда, ал суу сактагычты эки өлкө тең 50/50 пайдаланат деп ишендирген.

УКМКнын төрагасынын айтымында, анын ордуна чек арадагы райондордогу бир нече талаштуу тилкелердеги 19 миң 699 гектар жер Кыргызстанга өтөт.

Анткен менен жергиликтүү тургундар менен айрым саясатчылар Кемпир-Абаддын Өзбекстанга мүмкүн болуучу өткөрүлүшүнө каршы чыгып жатышат. Алсак, суу сактагыч жайгашкан Ош облусунун Өзгөн районунда 15-октябрда элдик курултай өтүп, ага 600дөн ашуун адам катышкан.

Алар суу сактагыч мурда талаштуу аймак болбогонун, дегеле эмне үчүн ал Өзбекстанга өтүп жатканын түшүнбөй жатышканын билдиришкен. Жергиликтүү тургундар Өзбекстан убадасына турбай, сууну жана суу сактагычтын тегерек четиндеги жерлерди колдоно албай калабыз деп кооптонушууда.

Тема боюнча:

Түшүмдүү жердин ордуна какыраган таш. Кыргызстан Кемпир-Абаддан кол жууса эмне болот?