Кеңешбек Дүйшөбаев: Чек ара маселесин чечүүдө Рахмонго медаль берген өлкөгө кантип ишенебиз?

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүдө «Эмомали Рахмонго медаль берген өлкөгө кантип ишенебиз» деп суроо салды.

«Эмне кылган баатырдыгы үчүн орден алды? Сыйлыкта “регионалдык коопсуздукту камсыз кылгандыгы үчүн” дейт. Демек, бизге кол салганы үчүн экен да. Ошол бизге болгон аргессияны колдоп, [тажик] кол башчысына орден берип жаткан тарапка кантип ишенебиз? Кантип ошолордун аскерлерин алып келип коёбуз?» — деди ал.

Дүйшөбаев Кыргызстандын коргоо министрлиги чек ара маселесин чечүү үчүн Орусияга кайрылуу менен «стратегиялык чоң ката кетирди» деп эсептейт.

«Бизге эки жолу агрессия жасап, жарандарыбыз каза болуп атканда ЖККУ кайда жүрдү эле? Биз дагы анын мүчөсүбүз. Керек болсо, алар “токтоткула” деп айтып койгонго жараган жок», — деди ал.

Жапаровдун Путинге кайрылганы

17-октябрда Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкулов президент Садыр Жапаров Орусиянын башчысы Владимир Путинге кайрылып, кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөнүн айткан.

Ал орус тарап эки өлкөнүн материалдары менен таанышып чыгып, соңку бааны берүүнү убада кылганын белгилеген. Бул маалыматты «Клоопко» президенттин администрациясынан дагы тастыктаган.

Ага чейин, 13-октябрда орус президенти Владимир Путиндин демилгеси менен Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон үчөө жолуккан.

Путин эки өлкөгө караганда Москвада союздук өлкөлөрдүн чек арасы жөнүндө «ишенимдүү маалымат» көп болушу мүмкүн экенин айткан. Ал «ошол документтерди, карталарды көтөрөбүз, анан кызматташтар менен биргеликте чечим кабыл алабыз» деген болчу.

Чуу жараткан сыйлык

Октябрдын башында Владимир Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду «Мекенге сиңирген эмгеги үчүн» үчүнчү даражадагы ордени менен сыйлаган.

Бул сыйлык Рахмонго «Орусия менен Тажикстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздук мамилелерди чыңдоого, ошондой эле аймактык туруктуулукту жана коопсудукту камсыз кылууга кошкон жеке салымы үчүн» берилгени айтылган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чыңгыз Кустабаев кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда күнөөсүз адамдар каза болуп, энелер күйүткө батып турган маалда Рахмонго мындай сыйлыктын берилиши таң калыштуу экенин айткан.

Ал Путиндин Рахмонго берген сыйлыгы куралдуу жаңжалдагы «күнөөлүүнү тапканын» белгилеген.

Тема боюнча:

Иманкулов: Жапаров Путинден кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүгө көмөктөшүүнү суранды

Жапаров: Орусия архивдеги карталарды көтөрөт, бул Тажикстан менен чек ара маселесин чечүүгө жакындатат