Активист Марат Баязов эки айга ТИЗО-1ге камакка алынды

Активист Марат Баязов Бишкек шаарындагы ТИЗО-1ге эки айга камакка алынды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

Милиция кызматкерлери Баязовду 26-октябрда кармашкан. Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгы активист күбө катары сурак берип жатканын белгилеген.

Ал эми Баязовдун адвокаты Эркин Сааданбековдун айтымында, активист «массалык башаламандык уюштурууга даярданууга» шектелип жатат.

Буга чейин соцтүйүндө Клара Сооронкулованы «Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу» беренеси боюнча жоопко тартуу чечими тараган. Бул документте Баязов Сооронкулованын «шериктеши» катары көрсөтүлгөн.

Активист жана саясатчылардын кармалышы

ИИМ 23-октябрдын таңында, дем алыш күнү, 20дан ашык активист жана саясатчылардын үйүн тинтүүгө алып, аларды кармап кеткен.

Кармалгандардын баары буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, бийликти сындап келишкен.

Активист жана саясатчыларга «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» беренеси менен айып тагылды.

24-октябрда аларды бошотууну жана саясий куугунтукту токтотууну талап кылып Ош жана Бишкек шаарларында жарандык активисттер тынчтык акцияларына чыгышты. Ошол эле учурда Өзгөн шаарында 300гө жакын киши митинг уюштуруп, алардын кармалганын колдоп, «бийликке ишеним артууга» чакырышты.

Ал эми жапырт кармалгандардын дээрлик баары эки айга камакка алынды. Жарандык коом бийликтен саясий куугунтукту токтотууну талап кылууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Активист Марат Баязов милицияда күбө катары сурак берип жатат

Кемпир-Абад чуусу: Сот кармалгандардын дээрлик баарын эки айга камакка алды