Кемпир-Абад чуусу: Саясатчы Мамбетжунус Абылов эки айга камакка алынды

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөсү Мамбетжунус Абылов Бишкек шаарындагы ТИЗО-1ге 20-декабрга чейин камакка алынды. Саясатчы «массалык башаламандыктарды уюштурууга даярданууга» шектелип жатат.

Биринчи май райондук соту Абыловду камакка алуу чечимин 28-октябрда чыгарды. Kaktus.Media басылмасы сот отурумуна журналисттерди киргизбей коюшканын жазды.

26-октябрда милиция кызматкерлери Абыловдун үйүн тинтүүгө алып, өзүн кармап кетишкен. Анда саясатчыга кайсыл берене менен иш козголгону айтылган эмес.

Мамбетжунус Абылов Кыргызстандын Түркиядагы мурдагы элчиси. Ал 25-октябрда маалымат жыйынын өткөрүп, Кемпир-Абадды коргоо комитетинин жыйынында «бийликти басып алуу же төңкөрүш тууралуу бир да сөз айтылбаганын» билдирген.

«Жолугушууда Өзгөндөгү курултайда кабыл алынган чечимдерди талкуулаганбыз. Курултайдын резолюциясына ылайык, мен суу сактагычты коргоо боюнча комитет түзүүнү сунуштагам. [Азимбек] Бекназаров жалпы курултай өткөрүүнү сунуштаган. Бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотуү жана мараторий киргизүү жөнүндө президентке кат жолдоо тууралуу дагы сунуш айтылган», — деген Абылов.

Активист жана саясатчылардын кармалышы

ИИМ 23-октябрдын таңында, дем алыш күнү, 20дан ашык активист жана саясатчылардын үйүн тинтүүгө алып, аларды кармап кеткен.

Кармалгандардын баары буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, бийликти сындап келишкен.

Активист жана саясатчыларга «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» беренеси менен айып тагылды.

24-октябрда аларды бошотууну жана саясий куугунтукту токтотууну талап кылып Ош жана Бишкек шаарларында жарандык активисттер тынчтык акцияларына чыгышты. Ошол эле учурда Өзгөн шаарында 300гө жакын киши митинг уюштуруп, алардын кармалганын колдоп, «бийликке ишеним артууга» чакырышты.

Ал эми жапырт кармалгандардын дээрлик баары эки айга камакка алынды. Жарандык коом бийликтен саясий куугунтукту токтотууну талап кылууда.

Тема боюнча:

Кемпир-Абад чуусу: Сот кармалгандардын дээрлик баарын эки айга камакка алды