Күндүн иллюстрациясы: Кишен менен кооздолгон балаты

Сүрөтчү Нурбек Насыранбеков соцтармактарында активист жана саясатчылардын жапырт кармалышына байланыштуу иллюстрация жарыялады.

Иллюстрацияда кишен менен кооздолгон Жаңы жылдык балаты тартылып, анда «Келе жаткан майрамыңар менен куттуктайм!» деп жазылган.

Ошондой эле Насыранбеков твиттер баракчасына: «Жаңы жылдык ачык кат тарттым», — деп жазып калтырган.

Бул иллюстрация сүрөтчүнүн өлкөдөгү саясий абалга байланыштуу көптөгөн карикатураларынын бири. Буга чейин Насыранбеков Кемпир-Абад суу сактагычын өткөрүп берүү боюнча бийликти сындаган активисттер менен саясатчылардын кармалышы боюнча карикатура бөлүшкөн.

Анда Кыргызстандагы «бүгүнкү күндөгү демократиянын» мааниси чагылдырылган.

Активисттердин кармалышы жана сөз эркиндигине кысым

ИИМ 23-октябрдын таңында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыккан 20дан ашык активист жана саясатчылардын үйүн тинтүүгө алып, аларды кармап кеткен.

Аларга карата «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» беренеси менен айып тагылган. Жапырт кармалгандардын дээрлик баары эки айга камакка алынган. Жарандык коом бийликтен саясий куугунтукту токтотууну талап кылууда.

Кийинчерээк, 26-октябрда Маданият министрлиги «Азаттык» басылмасынын сайтын эки айга бөгөттөө чечимин кабыл алган. Буга басылманын 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалга байланыштуу «анык эмес маалымат таратканы» себеп болду деп министрликтен белгилешкен.

Мекеме буйрукту «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамдын негизинде чыгарган. Бул мыйзам жөнүндө 2021-жылдын августунда кабыл алынгандан бери олуттуу сын-пикирлер айтылып келет.

«Азаттыктын» сайтын бөгөттөө чечимине Human Rights Watch уюму, АКШнын Мамдепартаментинин маалымат катчысы жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү тынчыздануусун билдиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бир карикатура менен: «Эки достун түшүнүгүндөгү демократия»

Ооз жапмай. ЖМК жөнүндө жаңы мыйзам цензурага алып барат

HRW: «Азаттыкты» бөгөттөө — көзкарандысыз журналистиканы көзөмөлдөөнүн ачыктан-ачык аракети