«Өрттөп кетем». «Азаттыктын» алдындагы митинг боюнча лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек

«Азаттыктын» кеңсесинин алдындагы митингде айтылган чагымчыл чакырыктар боюнча дайындалган лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Бул тууралуу 3-ноябрда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы «Клоопко» билдирди.

«Экспертизанын жыйынтыгы чыкканда эксперттер бизге жыйынтыгын жиберишет. Убактысын биз билбейбиз», — деп белгилешти басма сөз кызматынан.

Үстүбүздөгү жылдын 13-октябрда «Азаттык» радиосунун кеңсесинин алдындагы митинг өткөн.

Көп өтпөй «Азаттыктын» Бишкек бюросунун директору Айзада Касмалиева митингде айтылган коркутуу фактысы боюнча уюштуруучуларды жоопко тартуу үчүн редакция тарабынан милицияга арыз жазганын билдирген.

Ал эми Ленин РИИБден акция учурундагы билдирүүлөр жана чакырыктар боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалганы кабарланган.

13-октябрда өткөн митингде 30дай киши «Азаттык», «Клооп» жана Kaktus.Media көз карандысыз басылмаларынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылышкан. Ошондой эле алар «чет элдик агенттер» жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алынышын талап кылышкан.

Акциянын уюштуруучусу Илимбек Исраилов «чет элдик агенттер» жөнүндө мыйзам кабыл алынбаса, «Азаттыктын» имаратын «таш менен талкалап, бензин чачып, өрттөп кетем» деп коркуткан.

«“Азаттык”,“Клооп”, биздин кийинки кадамыбыз, ачык айталы: биз кийинкиде айтпай туруп абдан катуу кадамдарга барабыз. Бензин чачабыз. “Азаттыктын” операторлору, кечирип койгула, мен, Илимбек Исраилов, айтып жатам, эгер силерди бир митингдерде көрүп кала турган болсом, бир жериңерди сындырып эле коём», — деген Исраилов.

«Азаттыкка» басым

Көп өтпөй 26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттыктын» сайтын эки айга бөгөттөгөн.

Министрликтен буга аталган медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыяланганы» себеп болгонун айтышкан.

Ал эми 31-октябрда «Азаттык» «Демирбанктагы» эсеби бөгөттөлгөнүн билдирген.

Маалыматка караганда, эсептин бөгөттөлгөнүн «Азаттыкка» банктын кызматкерлери оозеки ырастаган. Алар «бул тууралуу УКМКдан билдирме алганын» айтышкан.