Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы президентке кайрылып, күйөөсүн үй камагына чыгарууну өтүндү

«Кумтөр Голд Компани» жабык акчионердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы Илмира Алпысбаева президентке кайрылып, жардам сурады.

Ал Бөлтүрүктүн ден соолугу начарлап баратканын айтып, Жапаровдон күйөөсүн үй камагына чыгарып берүүнү өтүндү.

«Менин сүйүктүү жолдошум, жашы жете элек балдардын атасы Теңиз Бөлтүрүктүн ишине көңүл буруп, кайрымдуулук кылууңузду тизе бүгүп суранам. Анын ден соолугу начар. Аны мындай абалда кармоого болбойт. Аны жоготуп алуудан абдан корком. Ал үчүн жанымды берүүгө даярмын, анын өмүрүн сактап калууга жардам бериңиз. Ал жүрөк оорусун бизден жашырып келген. Ал мындан ары минтип иштей албайт. Болгону балдарыбыздын атасы, жолдошумдун өмүрүн сактап калууну каалайбыз», — деп жазды ал.

Ошондой эле, Алпысбаева жолдошу тергөө менен кызматташууга даяр экенин белгилеп, качып кетүү оюнда жок экенин кошумчалады.

Тенгиз Бөлтүрүк октябрь айында жазган катында да тергөө аяктаганга чейин өзүн үй камагына чыгарууну суранып, тергөө менен активдүү кызматташууну убадалаган.

Бөлтүрүктүн кармалышы

13-сентябрь күнү Башкы прокуратура Кумтөр кенин иштеткен «Кумтөр Голд Компанинин» ишин текшерүүнүн жыйынтыгында үч кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Компания мамлекетке 1 млрд доллардай зыян келтиргени айтылган.

Ошол эле күнү кечинде Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы башкаруучусу жана «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин башчысы Теңгиз Бөлтүрүктү кармаган. Башкы прокуратурадан Бөлтүрүк менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гюль Фронтбек кызы Жаналиева жана каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов дагы кармалган.

Бөлтүрүк Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими 15-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Бөлтүрүк өзү 15-сентябрда сот залында Башкы прокуратура ага карата козгогон кылмыш ишин «толук абсурд» деп атаган. Ал кол астындагылардын баарына жооп бере албасын айткан.