УТРК жана НТС каналы «Азаттыктын» берүүлөрүн эфирге чыгарууну токтотту

«Азаттык» үналгысы

Улуттук телерадиоберүү корпорациясына караштуу Биринчи радио жана НТС каналы «Азаттыктын» берүүлөрүн обого чыгарууну токтотту. Бул тууралуу «Азаттык» үналгысы билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, Биринчи радио 23-октябрдан бери «техникалык себептерден улам» деген жүйө менен мекеменин берүүлөрүн обого чыгарбай келет. Ал эми НТС каналы жана ага караштуу «Санжыра» радиосу обого чыгарууну 13-ноябрдан баштап токтоткон.

«Азаттыктан» билдиришкендей, НТСтин жетекчиси Айдай Ивакова алар менен байланышып, «уктуруу, көрсөтүүлөрдү силер мамлекет менен маселеңерди чечишмейинче коё албайт экенбиз» деп маалымдаган.

Ивакова өзү «Клоопко» расмий түшүндүрмөнү «Азаттыка» жибергенин айтты.

«Азаттыктын» сайтын эки айга бөгөттөө

Кыргыз бийлиги 26-октябрда «Азаттыктын» сайтын эки айга бөгөттөгөн.

Бийлик медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу чыккан материалды «улуттук кызыкчылыктарга каршы келет» деп айыптаган.

«Азаттыктын» өзүнөн Маданият министрлиги айтып жаткан материалды талдап чыгышканын жана анда стандарттардын бузулганы аныкталбаганын билдиришкен.

Кыргызстандагы ЖМК өкүлдөрү буга кескин түрдө нааразычылыгын билдирип, акыркы убакта сөз эркиндигине жана массалык маалымат каражаттарына басым күчөгөнүн белгилешкен. Алар президент Садыр Жапаровдон жолугушуу уюштурууну талап кылышкан.

Ал эми 31-октябрда «Азаттык» банктагы эсеби бөгөттөлгөнүн билдирген. DemirBank’тан эсеп «Террористтик ишмердикти каржылоого жана кылмыштуу кирешени легалдаштырууга (адалдаштырууга) каршы туруу жөнүндө» мыйзамынын негизинде бөгөттөлдү деп жооп беришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Маданият министрлиги «Азаттыктын» сайтын эки айга бөгөттөөнү чечти

Кемпир-Абад үчүнбү же Баткенби? Бийлик «Азаттыкты» эмне себептен бөгөттөдү

«Азаттык» банктагы эсеби бөгөттөлгөнүн кабарлады