Кадамжайдагы 14 жашар кыздын өлтүрүлүшү: Шектүүлөр дагы эки айга камакта калтырылды

Баткен облусунун Кадамжай районундагы 14 жашар кызды өлтүрүүгө шектелген төрт кишинин бөгөт чарасы эки айга узартылды. Алар 4-январга чейин камакта болот. Бул маалыматты «Клоопко» Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы Замирбек Ормонов 16-ноябрда тастыктады.

Ал чечимди Кадамжай райондук соту 4-ноябрда кабыл алганын белгилеп, секелектин өлтүрүлүшү боюнча иштин материалдары тергөөдөн сотко өтө элек деп кошумчалады.

«Тергөө бүтсө иштин материалдары ага чейин [4-январга чейин] деле келип калышы мүмкүн. Эгер иштин материалдары сотко келип түшсө, дароо эле сот отурумунун мөөнөтү белгиленип, кароо башталат», — деди ал.

Кадамжайда 14 жашар кыздын киши колдуу болушу

4-сентябрда Кадамжай райондук милициясына Ноогардан айылынын түштүк тарабынан өткөн Ош — Раззаков унаа жолундагы сел өтүүчү тоннелден белгисиз кыздын сөөгү табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жерине келген милиция кызматкерлери кыздын колдору артына байланганын, мойнунда жип менен муунтудан калган издер бар экенин аныкташкан. Башкы прокурор Курманкул Зулушев кармалгандар кызды зордуктоого да айыпталып жатканын айткан.

«Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

5-сентябрда кыздын өлүмүнө шектелип 1995, 1997 жана 1998-жылы туулган Кадамжай районуну үч тургуну кармалган. Кийинчерээк бул ишке катыштыгы бар делип төртүнчү шектүү — жашы жете элек өспүрүм кармалган. Алардын бардыгы Кадамжай райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган.

14 жашар секелектин окуясына байланыштуу ишти президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганын айткан. Ал эми башкы прокурор Курманкул Зулушев укук коргоо органынын кызматкерлери бул ишти адилет тергеп берет деп убада кылган.

Тема боюнча:

Башкы прокуратура: 14 жашар кызды өлтүрүүгө шектелгендер өмүр бою эркинен ажырашы мүмкүн

Депутат Кадырбеков: Кадамжайлык кыздын өлүмүнө кайдыгер коом күнөөлүү