«Мыйзам баарына бирдей» — Жапаровдун депутаттын аялдарга аяр мамиле кылуу суранычына жообу

Депутат Аида Исатбекова Жогорку Кеңештин 17-ноябрындагы жыйынында президент Садыр Жапаровдон өлкөдөжакында эле кармалган аялдардын маселесине көңүл бурууну суранды. Депутат акыркы күндөрү бийлик аялдарга өтө орой мамиле кылып жатканын айтты.

«Сизден сураныч, ошол аялдарга бир аз аяр мамиле кылышсын [бийлик жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери] деп талап кылып койсоңуз. Мен жакшы эле түшүнүп турам — оппозиция, туура эмес маалымат берген журналисттер, бирок, кантсе да [алар] аялдар да. Мен сизден өтүнөм, кылымдар бою ушундай болуп келген [аялдарга карата аяр мамиле жана урматтоо]. Менин айтканымды кабыл аласыз деп үмүттөнөм, чоң рахмат», — деди депутат.

Президент эл өкүлүнө мыйзам баарына бирдей деп жооп берди.

«Мыйзам деген баарына бирдей. Аялга өзүнчө, эркекке өзүнчө каралбайт. Аял дагы жоопкерчиликти сезе билиши керек. Мен аялмын деп эле билгенин кыла берген бул дагы туура эмес. Буга да макул болушубуз керек. Ошон үчүн бардыгы мыйзам чегинде болсун», — деп жооп узатты президент.

Абдирасулованын кармалышы

Исатбек кызы Жапаровго жакында эле укук коргоочу Азиза Абдирасулованын күч менен кармалышы жана Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан аялдардын үйүндө тинтүү жүргүзүп, андан сон алар массалык камакка алынган шартта кайрылды.

64 жаштагы Абдирасулова полковник баштап келген 4 милиционер тарабынан 15-ноябрда Ак үйдүн алдынан кармалган. Улгайган аялды ичип алган, милиция кызматкерлерине шек келтирген жана митингге катышкан деп айыпташкан. Бирок Абдирасулова өзү жана ал жердеги башка аялдар митингге катышышпаганын, жөн эле турганын айтышкан. Андан тышкары, журналисттер тартып алган видеодо укук коргоочу адепсиз сөздөрдү колдонуп жатканынын далили жок.

Милиция кызматкерлери укук коргоочунун айткандарын уккусу да келбей түрткүлөп, эки колунан тартып унаага салып кетишкен. Милиция бөлүмүнөн ага милиция кызматкерлерине баш ийбегени үчүн административдик протокол түзүлгөн.

Күн мурун Абдирасулова Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн башчысы Шумкарбек Сулайманов аңгемелешүүгө чакырганын айткан. Анын айтымында, милиция кызматкери жазгандарын үчүнчү күчтөр пайдаланып кетпеши үчүн Фейсбукта азыраак жазууну сунушташкан.

Кемпир-Абад иши боюнча тинтүү жана кармоолор

Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындаган аялдарды жапырт кармоо, алардын үйлөрүн тинтүү 23-октябрда болгон. Ноябрдын башында бир нече депутат жана акыйкатчы Атыр Абдрахматова БШКнын мурдагы башчысы Гүлнара Журабаева, укук коргоочу Клара Сооронкулова, активист Асия Сасыкбаева, укук коргоочу Рита Карасартова, активист Перизат Суранова жана экс-депутат Орозайым Нарматова кармалып жаткан ТИЗО-1ге барып кабар алышкан.

«Аялдар өздөрүнө бек турушат — духун түшүрбөй, пайдасын тийгизүүгө аракет кылып жатышат. Юридикалык жактан күчтүүлөрү “абакта отурган” аялдарга кеп-кеңешин берип, арыз жазууга жардамын берип жатышат. ТИЗО-1дин шаттарына жана кызматкерлерине аялдардын бири бири дагы даттанган жок. Тескерисинче, ар бири камерада бирге отурган адамдарынын окуяларын айтып бергенге аракет кылды», — деп жазган депутат Дастан Бекешев.

Депутат ТИЗОдогу кармоонун шарттары «укшум деле эместигин» кошумчалаган. Тергөө изоляторунда сейилдей турган жер аз, таза абасы жок, ошондой эле туугандар менен телефон аркылуу сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк жок.

«Орозайым [Нарматова] Москвада операция боло турган атасына кабатыр болуп жатат. Атасы менен сүйлөштүрүп коюшса болмок. Перизат Сурановага туугандары менен жолугууга уруксат бербей жатышыптыр — андай уруксатты тергөөчү берет. Клара Сооронкулова болсо кармалганга чейин үч ай Грузияда жүргөн, өлкөдөгү окуялар боюнча ойлорун айткан эмес, ал эми Кемпир-Абад маселеси боюнча тергөөгө алынып жаткандардын жолугушуусуна ал аяктап калганда келген. Рита Карасартова камерада чогуу отургандарына карата болгон ар кандай бузууларды каттап жатат, ал эми Асия Сасыкбаева менен Гүлнара Журабаева жаш курагына карабастан өздөрүн сергек жүрүшөт», — деп билдирген депутат.

Кармалгандар ТИЗОдогу шарттарга даттанышпаганы менен кармалгандан кийин 48 саатка камакка алынган убактылуу кармоочу жайдын шарты «кой сарайдыкындай эле» экенин белгилешкен.

Тема боюнча окуңуз:

«Бекем кучактадым!» Клара Сооронкулова СИЗО-1ден уулун туулган күнү менен куттуктады