Активист Ербол Токтогулов УКМКга сурак бергенден кийин бошотулду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети активист Ербол Токтогуловдун кармалганы тууралуу маалыматты төгүндөдү.

23-ноябрь күнү УКМКнын басма сөз кызматы «Азаттыкка» Токтогулов күбө катары суракка чакырылганын билдирди. Бирок, атайын кызматтан активист кайсыл иш боюнча көрсөтмө бергенин ачыкташкан жок.

Бир күн мурда соцтүйүндө активист Ербол Токтогуловду УКМК кызматкерлери кармап кеткени тууралуу маалымат тараган.

«Мен байланышсам “Фейсбукта жазган посттор жана сын пикирлер үчүн эле камап салууга аракеттенип жатышат” деп досум өзү айтты», — деп билдирген фейсбук колдонуучусу Асамидин Мухиддинов.

Активисттин кармалганы тууралуу иликтөөчү журналист Болот Темиров дагы жазган. Ал эми укук коргоочу Азизи Абдирасулова бир катар басылмаларга Токтогуловдун кармалганы тууралуу маалыматты тастыктаган.

«Ал (Ербол Токтогулов) мага Кемпир-Абад боюнча жазган. Суу сактагыч тууралуу көз карашы үчүн кармап кетишти деп эсептейм. Саясий негиздеги кармоо», — деген укук коргоочу.

Токтогулов фейсбукта Кемпир-Абад суу сактагычынын коңшу өлкөгө өтүшүнө каршы чыгып, бийликти сынга алып келген.

Буга чейин кыргыз бийлиги 30дай активист жана саясатчыны кармап, камакка алган. Алардын баары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди суу сактагычты коңшу өлкөгө берүү демилгеси үчүн сындашкан.

Ал эми президент Садыр Жапаров массалык кармоолор боюнча комментарий берип, кармалгандарды Кемпир-Абад маселеси «кызыктырбайт», алар «суу сактагыч маселесин бийликтин бир жерине илинип калсам деген ойдо пайдаланып жатышат» деп билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаттары 17-ноябрда кыргыз-өзбек чек ара макулдашуусун ратификациядан өткөргөн. Ал эми Кемпир-Абадды коргоп чыгып камалгандар дагы деле абакта.

Тема боюнча:

Бишкекте активист Ербол Токтогулов кармалганы айтылууда, УКМК маалымат бере элек

Бийликти сындаган жыйырмадан ашык киши ТИЗОго камалды — алар кимдер?