#ReАкция: Бишкекте жана Ошто эркиндик үчүн тынчтык акциялар өтөт

Бүгүн, 25-ноябрда, Бишкек жана Ош шаарларында эркиндик үчүн тынчтык акциялар өтөт. Ага журналисттер, активисттер жана кайдыгер эмес жарандар катышат.

Акцияларда өлкөдөн мажбурлап чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировду мекенине кайра алып келүү, саясий туткундарды бошотуу, сөз эркиндигин, көз карандысыз журналисттерди жана ЖМКларды куугунтуктоону токтотуу талаптары коюлат.

Катышуучулар атайын каражаттарды колдонуп жарык таратышат.

Тынчтык акция эки шаарда тең бир убакта — саат 16:30да башталат. Бишкекте темир жол вокзалына чогулушат, ал эми Оштогу акция журналисттер аллеясында башталат.

Темировдун өлкөдөн чыгарылышы

23-ноябрда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировдун «документтерди жасалмалоо иши» боюнча аппеляциялык арызын караган.

Отурумда мамлекеттик айыптоочу сотко Темировду өлкөдөн чыгарып салуу сунушун келтирип, сот Темировду өлкөдөн чыгаруу боюнча жаңы өкүм кабыл алган. Укук коргоо органынын кызматкерлери Темировду сот залынан күч колдонуп алып чыгып кетишкен.

Аны кайда алып барышары жактоочуга да, ЖМК өкүлдөрүнө да айтылган эмес — Темиров кайда экени бир нече саат бою белгисиз болгон. Кийинчерээк иликтөөчү Кыргызстандан Орусияга депортацияланганы маалым болду. 24-ноябрда Темировдун жубайы иликтөөчү журналист Москвада туугандары менен экенин билдирди.

Кыргызстандагы медиа коомчулук иликтөөчү журналисттин өлкөдөн чыгарылышын «ачык-айкын эле куугунтук» деп баалады. Ал эми Журналисттерди коргоо комитети журналистти өлкөдөн чыгууга мажбурлаган бийликтин аракетин сынга алып, Темировго жана көз карандысыз маалымат каражаттарына болгон «куугунтукту тез арада токтотууну» талап кылды.

Тема боюнча:

Иликтөөчү журналист Болот Темировду Кыргызстандан учак менен алып кетишти

Ачыктан-ачык куугунтук. Медиа коомчулук Темировдун өлкөдөн чыгарылышына байланыштуу кайрылуу жасады