Журналисттер Темировду колдоо акциясындагы провокаторлордун лидерин аныкташты

Коллаж: T-Media

T-Media’нын журналисттери өлкөдөн күч менен чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировду колдоо акциясында чагымчылдык кылган топтун лидерин аныкташты. Ал буга чейин чагымчыл митингдерге активдүү катышып жүргөн аял, Бишкектин квартал башчыларынын бири — Майрам Турсуматова экени белгилүү болду.

25-ноябрда Бишкек шаарындагы «Эркиндик үчүн» жөө жүрүшү башталарда жүздөрүн бекиткен үч-төрт адам «НПОчуларга жол жок!», «Азаттык», «Клооп», «Кактус медиа» жана «ЛГБТнын пропагандасына жол бербейбиз» деген плакаттар менен чыгып, чагымчылдык кылышкан.

«Т-Медиа» алардын лидери Майрам Турсуматованы фейсбуктан таап, буга чейин бир нече жолу чагымчыл акцияларда болгонун аныкташкан. Мисалы аял 2020-жылы аялдарга карата зомбулукту токтотууну талап кылган тынчтык акциясында да провокаторлордун катарында болгон. Анда элечек кийген аялдар тынчтык акциясын бузушкан.

Мындан сырткары ал ушул жылдын 13-октябрында «Азаттык» үналгысына каршы акцияга катышкан.

Журналисттер аял Бишкек шаарындагы Ак-Ордо конушунун № 54-кварталынын башчысы экенин табышты. Турусматова Бишкек мэриясы уюштурган иш-чараларга, жолугушууларга байма-бай катышып жүргөнү белгилүү болду.

Ошондой эле журналисттер аялдын «Беш канат компани» аттуу фирмасы бар экенин, ал 2014-жылдан бери бюджетке салык төлөбөгөнүн таап чыгышты.

25-ноябрда, Бишкек жана Ош шаарларында эркиндик үчүн тынчтык акциялар өткөн. Ага журналисттер, активисттер жана кайдыгер эмес жарандар катышкан.

Акцияларда өлкөдөн мажбурлап чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировду мекенине кайра алып келүү, саясий туткундарды бошотуу, сөз эркиндигин, көз карандысыз журналисттерди жана ЖМКларды куугунтуктоону токтотуу талаптары коюлган.

Темировду депортациялоо

23-ноябрда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировдун «документтерди жасалмалоо иши» боюнча аппеляциялык арызын караган.

Отурумда мамлекеттик айыптоочу сотко Темировду өлкөдөн чыгарып салуу сунушун келтирип, сот Темировду өлкөдөн чыгаруу боюнча жаңы өкүм кабыл алган. Укук коргоо органынын кызматкерлери Темировду сот залынан күч колдонуп алып чыгып кетишкен.

Аны кайда алып барышары жактоочуга да, ЖМК өкүлдөрүнө да айтылган эмес — Темиров кайда экени бир нече саат бою белгисиз болгон. Кийинчерээк иликтөөчү Кыргызстандан Орусияга депортацияланганы маалым болду. 24-ноябрда Темировдун жубайы иликтөөчү журналист Москвада туугандары менен экенин билдирген.

Кийинчерээк иликтөөчү журналист өзү маек куруп, эл аралык сотко кайрыларын айткан.

Кыргызстандагы медиа коомчулук иликтөөчү журналисттин өлкөдөн чыгарылышын «ачык-айкын эле куугунтук» деп баалады. Ал эми

Журналисттерди коргоо комитети журналистти өлкөдөн чыгууга мажбурлаган бийликтин аракетин сынга алып, Темировго жана көз карандысыз маалымат каражаттарына болгон «куугунтукту тез арада токтотууну» талап кылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкекте жана Ошто сөз эркиндигин колдогон акция өттү