Маданият министрлиги «Азаттыктын» административдик арызын канааттандырган жок

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттык Медианын» сайтынын бөгөттөлүшү боюнча берген административдик арызын карап, канааттандырган жок. Бул тууралуу басылма 3-ноябрда билдирди.

Маданият министрлиги жеке же юридикалык жактын арызы жок эле бөгөт коюу чечимин чыгарганы тууралуу «Азаттыктын» даттануусуна министрлик «аларга маалымат мейкиндигин талдоо жана мониторинг жүргүзүү укугу берилгенин» айткан. Ал эми «арызы жок эле административдик иш козгоого такталбаган материалдарга чара көрүү себеп болду» деп билдирген.

Буга чейин, 16-ноябрда «Азаттык» үналгысы сайтты бөгөттөө чечими боюнча маданият минитсрлигине административдик арыз менен кайрылган. Анда басылма маданият министрлигинин чечимин эмнеге мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептеп жатканын түшүндүргөн.

Ошондой эле административдик даттануу каралганга чейин сайтты бөгөттөө чечимин токтотуу өтүнүчү келтирилген, бирок министрлик аны четке каккан.

Сөз эркиндигине болгон басым

Кыргыз бийлиги 26-октябрда «Азаттыктын» сайтын эки айга бөгөттөгөн. Бийлик медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу чыккан материалды «улуттук кызыкчылыктарга каршы келет» деп айыптап, бөгөттөөгө ушул негиз болгонун билдирген.

«Азаттыктын» өзүнөн Маданият министрлиги айтып жаткан материалды талдап чыгышканын жана анда стандарттардын бузулганы аныкталбаганын билдиришкен.

Ал эми 31-октябрда «Азаттык Медианын» DemirBank’тагы эсеби бөгөттөлгөн. Финчалгын кызматынан бөгөттөөнүн себебин УКМКнын расмий катына ылайык «Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине» киргизилгени менен түшүндүрүшкөн.

Кыргызстандагы ЖМК өкүлдөрү басылманын бөгөттөлүшүнө кескин түрдө нааразычылыгын билдирип, акыркы убакта сөз эркиндигине жана массалык маалымат каражаттарына басым күчөгөнүн белгилешкен. Алар ЖМКларга каршы ар кандай митингдер жана каралаган кампаниялар уюштурулуп жатканын айтышып, ал эми буга тиешелүү органдар көңүл бурбай жатканын сынга алышкан.

Тема боюнча:

Финчалгын «Азаттыктын» эсебин бөгөттөө себебин түшүндүрдү