Орусиянын президенти Владимир Путин ушул аптада Бишкекке учуп келет

Владимир Путин

Орусиянын президенти Владимир Путин 9-декабрда Евразиялык экономикалык биримдиктин саммитине катышуу үчүн ушул аптада Бишкекке учуп келет. Бул тууралуу «Москва. Кремль. Путин» программасынын алып баруучусу Павел Зарубин билдирди.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуусу 9-декабрда Бишкекте өтөт. Быйыл Кыргызстан интеграциялык бирикмеге төрагалык кылууда.

Буга чейин Евразия экономикалык кеңешинин 27-майдагы жыйыны видеоконференция форматында өткөн, бирок мунун себеби түшүндүрүлгөн эмес. ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн катарына Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия кирет.

Бишкекте митингдерге тыюу

Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков орус президенти Кыргызстанга барарын ноябрдын башында эле айткан. 4-декабрда ТАСС Песковго таянып, Путин Евразиялык биримдиктин саммитине катышуу үчүн Бишкекке 5-11-декабрда келерин билдирген.

Буга чейин, үч күн мурда Бишкектин Биринчи май райондук соту борбор калаада Жаңы жылга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салган. Эксперттер бул чектөөлөрдү Путиндин сапары менен байланыштырышат.

Алсак, саясат таануучу Турат Акимов «Клоопко» курган маегинде, кыргыз бийлиги Арменияда ЖККУнун саммити учурундагыдай болуп адамдардын тобу атайын же капыстан Путиндин сапарына каршы «жолго чыга калышпасын деп митингдерге чектөө койгон болушу мүмкүн» деп эсептейт.

Юрист жана укук коргоочу Нурбек Токтакунов да ушундай эле ойдо. Ал митингдерди чектөө тенденциясы көптөн бери эле байкалып жатканын, анын ар кандай себептери бар экенин айтат.

«Путин келип жаткан болсо, анда, албетте, бул да себеп», — дейт ал.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова март айында эле, соттор Орусиянын элчилигинин алдында жана Ала-Тоо аянтында митингдерге тыюу салганда, бул чечим Конституцияга каршы келерин айтып чыккан. Конституциясынын 39-беренеси ар бир адамга тынч чогулуштарды өткөрүү эркиндигин кепилдейт.

Путин, согуш жана Рахмонго сыйлык берүү

Путинге карата мамиле Орусия 24-февралда Украинага кол салгандан кийин өзгөргөн. Кыргыз бийлиги бул маселеде нейтралдуу позицияны карманууга аракет кылууда. Анткен менен кыргызстандыктар бир нече жолу Украинадагы согушка каршы чыгып, Украинадагы согушта каза таап, жетим-жесир калгандар үчүн Путин Гаагадагы Эл аралык жазык сотунда жооп берүүсү керек деп митингдерге чыгышкан.

Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго «аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга салымы үчүн» орден ыйгарганы да Кыргызстанда терс реакция жараткан. Бул окуя октябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан кийин болгон. Коңшу өлкөнүн президентин сыйлоо кыргыз жарандарын эле эмес, Жогорку Кеңештин депутаттарын да нааразы кылган.

Путиндин Украинага каршы согушу карапайым кыргызстандыктардын да турмушуна таасир эткен. Сентябрда Бишкек Орусиядагы мобилизациядан жашырынгандардын массалык агымына кабылган. Мындан улам Бишкекте турак-жай ижарасы кымбаттап жатат.

Кыргызстанда ЕАЭБдин дарегине суроолор да көп. Товар, капитал жана жумушчу күчтүн эркин жүрүшү үчүн деп түзүлгөн мейкиндик иш жүзүндө кыргыз товарларынын ЕАЭБ базарына эркин чыгуусун кепилдебейт, ал эми санкциялардан кийин өлкө жарандары үчүн импорттук унааларды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн да кыйла кыскарткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкекте митингдерге Путин келет деп тыюу салынганбы? Эксперттер жооп берет

Украинанын Херсон шаарындагы орус аскерлери артка чегинди

Орусия кашаа сыртында. Өзбекстан менен Казакстандын жаңы союзу эмнени каңкуулайт?

Украинадагы согуштан улам БАда жакырчылык күчөйт, ал Кыргызстанга көбүрөөк таасир этет — ЭВФ