«Кыргызстан» банкы Тemirov Live командасынын иликтөө долбоорунун банктын эсебин жокко чыгарды

Тemirov Live иликтөөчүлөр командасынын «Кыргызстан» коммерциялык банкынын Мбанк төлөө системасындагы эсеби жокко чыгарылды. Атайын эсеп коррупция менен күрөшүүнү колдогондор иликтөөчүлөргө материалдык колдоо көрсөтө алат деген жарыядан кийин өчүрүлгөн. Бул тууралуу журналисттер соцтүйүндөгү барагына жазышты.

Маалыматка ылайык, банк менен эсепти тейлөө боюнча келишим 2023-жылдын январына чейин түзүлгөн. Банк кызматкерлери 5-декабрда байланышка чыгып, Тemirov Live’дын иликтөөлөрү жана «Айт Айт десе» долбоору катталган «Бейлеп» уюмунун Mбанктагы эсеби жокко чыгарлыганын кабарлаган.

Көп өтпөй «банктын жетекчиси У.А.Айдаралиев» буга чейин банк «Бейлеп» фонду Mбанк системасында Тemirov Live’дын логотибин колдонуп, «ката кетирген» деп түшүндүргөн. Аны менен катар, кызматтык иликтөө дайындалганын билдирген. Бирок ал дагы акырына чыккан эмес.

«Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы чыга электе эле, ошол эле күнү, 2023-жылдын 6-январынан тартып келишим бир тараптуу жокко чыкканы тууралуу билдирүү алдык», — деп белгилешти Temirov live.

Учурда Temirov live’дын юристтери эсептин жокко чыгарылышынын себептерин билүү үчүн «Кыргызстан» коммерциялык банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

«Кыргызстан» банкы бул тууралуу расмий билдирүү жарыялай элек. Kaktus.media басылмасына банк Temirov Live каналы эсебиндеги акчасын чыгарып алса боло тургананын айтып, бирок тейлөөдөн эмнеге баш тартканын түшүндүргөн эмес.

Temirov Live каналы соттун чечими менен өлкөдөн күчтөп чыгарылган, иликтөөчү журналист Болот Темировго таандык.

Темировду депортациялоо

23-ноябрда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировдун «документтерди жасалмалоо иши» боюнча аппеляциялык арызын караган.

Отурумда мамлекеттик айыптоочу сотко Темировду өлкөдөн чыгарып салуу сунушун келтирип, сот Темировду өлкөдөн чыгаруу боюнча жаңы өкүм кабыл алган. Укук коргоо органынын кызматкерлери Темировду сот залынан күч колдонуп алып чыгып кетишкен.

Аны кайда алып барышары жактоочуга да, ЖМК өкүлдөрүнө да айтылган эмес — Темиров кайда экени бир нече саат бою белгисиз болгон. Кийинчерээк иликтөөчү Кыргызстандан Орусияга депортацияланганы маалым болду. 24-ноябрда Темировдун жубайы иликтөөчү журналист Москвада туугандары менен экенин билдирген.

Кийинчерээк иликтөөчү журналист өзү маек куруп, эл аралык сотко кайрыларын айткан.

Кыргызстандагы медиа коомчулук иликтөөчү журналисттин өлкөдөн чыгарылышын «ачык-айкын эле куугунтук» деп баалады. Ал эми

Журналисттерди коргоо комитети журналистти өлкөдөн чыгууга мажбурлаган бийликтин аракетин сынга алып, Темировго жана көз карандысыз маалымат каражаттарына болгон «куугунтукту тез арада токтотууну» талап кылган.

Тема боюнча:

Болот Темировдун жактоочулары БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылат