«Казак» 10 жылга кесилди. Ал зордуктоо иши боюнча күнөөлүү деп табылды

Умар Маратов («Казак»)

Ош шаардык соту үстүбүздөгү жылдын 26-майында «Казак» каймана аты менен белгилүү Умар Маратовду (мурдагы аты Эрнис Казаков) 10 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Ал 2019-жылдын октябрында жашы жете элек кызды «зордуктоого» шектелип кармалган болчу.

Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов «Клоопко» соттун чечимине нааразы тарап аппеляциялык тартипте даттанууга укуктуу экендигин билдирди.

«Казакты» 2020-жылы 8-январда Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманова үй камагына чыгарып жиберген болчу. Көп өтпөй Соттор кеңешинин комиссиясы судья Сулайманованы жумушунан четтетүү чечимин кабыл алып, сунушту президент Сооронбай Жээнбеков колдоп тиешелүү буйруккка кол койгон.

Бирок үй камагында жүргөн Маратов 17-январда кайрадан кармалган. Оштун мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаевдин иниси Улан Райымбековду сабоого катыштыгы бар деген шек менен убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кийинчерек Райымкулов тосмо арыз жазганы белгилүү болгон.

Ош ШИИБинин маалыматы боюнча, «Казак» кылмыштуу топтун мүчөсү. Милициядан ал буга чейин бир нече жолу уурулук жана карактоо боюнча соттолгонун кабарлашкан.

Тема боюнча:

Ошто мурдагы мэр Айтмамат Кадырбаевдин иниси сабалды

Оштун экс-мэринин инисин сабоого шектелип «Казак» кармалды

«Казактын» адвокаты милиционерди «каралар менен коркутканын» төгүндөдү