Укук коргоочу президенттен чек ара жаңжалында Баткенден качкан аялдарга жардам берүүнү суранды

Укук коргоочу Назгүл Турдубекова Фейсбуктагы барагы аркылуу президент Садыр Жапаров менен минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылды. Кайрылууда ал 14-17-сентябрда Баткенде болгон куралдуу кагылышта үйлөрүн таштап качууга аргасыз болуп, ошол боюнча үйлөрүнө кайтып бара албай жаткан аялдарга жардам берүүнү суранды.

Турдубекованын айтымында, Бишкекте Баткенден качып келген 500гө жакын балалуу аял бар, аларга азык-түлүк, медициналык каражат жана үйдүн ижара акысы үчүн акча керек. Качып келген аялдардын бири, мисалы, эки кичинекей баласы менен туугандарыныкында, муздак үйдө жашап жатат. Аял үчүнчү баласын күтүп жатат, ага жылуураак үй таап берүү керек.

«Башка балалуу энелерде деле жагдай ушундай. Балдарды мектепке киргизүүдө, чоңдорго ден соолугун көрсөтүү үчүн саламаттык сактоо кызматтарын алуусу үчүн жардам керек. Алардын документтерин жол-жоболоштурууга жардам керек. Ошондой эле үй-бүлөлөргө финансылык колдоо керек, себеби алардын бардык мүлкү күйүп кеткен, ошондуктан алар жакыр үй-бүлөлөрдүн катарына кирип калышты. Алдын ала деп бөлүнгөн каражат түгөнгөн», — деп жазды укук коргоочу.

Баткендин спортзалга эвакуацияланган тургундары. 2022-жылдын 16-сентябры. Сүрөт: ӨКМ

Укук коргоочу мамлекеттик органдар, коомдук, эл аралык уюмдар жана бизнес тармагы ар тараптуу жардам көрсөтүп жатканын, бирок «натыйжалуу координация жоктугунан жардамдар баарына бирдей жетпей, эң эле муктаждары көз жаздымда калып кетип жатканын» кошумчалады.

Турдубекова баткендиктерге жардам чогултуу үчүн тез арада коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кирген мамлекеттик комиссия түзүү керектигин айтты. Мындан тышкары, ал бийликке Баткенден качкандар үчүн чукул байланыш линиясын ачууну сунуштады.

Жабыркагандарга бийлик убадалаган жардам

Баткендиктер бийлик бүгүнкү күнгө чейин алардын үйлөрүн калыбына келтирип бере электигин жана убада кылынган эч бир финансылык жардам көрсөтүлбөгөнүн айтып нааразы болушкан. Муну минкабдын төрагасы да моюндаган.

8-декабрда минкабдын башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы менен Баткенди калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйыны болуп өттү. Анда Жапаров «Баткен облусун калыбына келтирүү жана калкка колдоо көрсөтүү маселеси боюнча тапшырмаларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн» мамкомиссиянын мүчөлөрүнө эскертүү берип, айрымдарына сөгүш жарыялаган.

12-декабрда эмгек министри Кудайберген Базарбаев Баткен облусунда чек арадагы куралдуу кагылышта каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга 12 млн 600 миң сом төлөнгөнүн билдирген. Андан тышкары, Базарбаевдин айтымында, министрлик Баткен облусуна 1 млрд 600 млн сом өлчөмүндөгү социалдык төлөмдөрдү бөлүп берген.

Бийликтин маалыматына ылайык, Баткендеги үйлөрүнө дагы 3 942 киши кайта элек, алардын ичинен 3 781 жаран башка бирөөнүн үйлөрүндө, 161 жаран кабыл алуу пунктунда жашап жатышат. Минкабдын башчысы учурда убактылуу Бишкек, Чүй облусунда жана Ошто жүргөн ар бир баткендикти тактап, зарыл болгон учурда аларга да жардам көрсөтүү керектигин белгилеген.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасында 14-17-сентябрда толук масштабдуу куралдуу кагылышуу болгон. Атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Куралдуу жанжал учурунда Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарда жашаган 130 миңден ашуун адам үйүн таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» жеке булактарына таянып, каза болгондордун саны 81 киш экенин жазган.

Эки тарап тең аскердик агрессияга бирин-бири айыптап жатат.